www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда соңку кездери уруп-сабоо, мыкаачылык менен коштолгон үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук чындыгында абдан көбөйдү. Муну биз күн сайын интернеттеги түрдүү сайттардан окуп, көрүп жатабыз.
Барган сайын зомбулукка байланыштуу сайттарга куру дегенде 3-4 маалымат чыгат. Балдарга, аялдарга болгон кыйноолорду угуп, төбө чачың тик турат. Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгондордун 95%ы аялдар.
Атап айтканда, кызыл камчы жолдошунан таяк жеп, көзүбашы көгөрүп жүргөн келиндер миңдеп саналат. Бирок анын баары эле ачыкка чыга берүүдөн тартынат. Өлкөдө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам 2003-жылы кабыл алынган.
Ага ылайык, жогорку жаза – аялга зордук-зомбулук көрсөткөн эркек беш жылга эркинен ажыратылат. Бирок “бир да эркек мындай жаза менен жоопко тартыла элек” дешет байкоочулар.
Мунун эң башкы себеби, аялдар ачуусу келип турган чакта арыз жазып, кайра бир-эки күндөн кийин арызын алып коюшат. Экинчиден, аялдар арыз менен кайрылган чакта да укук коргоо органдары тарабынан бул маселе аягына чейин чыгарылбай калган учурлар бар.
Ал эми маалыматы болгондору кризистик борборлорго кайрылат. Кыргызстанда бул багытта иш алып барган 10дой кризистик борборлор бар. Байкоочулардын айтымында, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук шаар жерине караганда айыл жерлеринде абдан басымдуу.
Жадагалса айыл жеринде аялга ырайымсыз мамиле жасоо нормалдуу эле көрүнүш катары каралган учурлар арбын. Андыктан элеттик аялдардын көпчүлүгү өз укуктарын коргоодо жардамга муктаж.
Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы миңдеген аялдарга зордук-зомбулук болгон, акыркы беш жылда он миңден ашык үй-бүлө ажырашып, жалгыз бой аялдардын саны көбөйгөн.
Булак: Азия News гезити