www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жанарага (аты өзгөртүлдү) карата чечим чыгарды. Токтомдогу маалымат боюнча, ал порнографияны жайылтканы үчүн айыпталган.

Жанара 2020-жылы Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу элиталык үйдөгү батирде студия ачкан. Аны компьютер жана башка керектүү буюмдар менен жабдыган. Ал жерден веб-камера аркылуу Америка жана Европадагы кардарларга кызмат көрсөтүп турган.

Жанара сотто күнөөсүн мойнуна алды. Жыйынтыгында Жоруктар кодексинин 130-беренеси (порнографиялык предметтерди жайылтуу) менен күнөөлүү деп табылып, 30 миң сом айып салынды. Ошондой эле, интернет аркылуу маалымат таратуу укугун 6 айга чейин пайдалана албайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости