www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Элитмээлер» өлкɵнүн «эрке балдары» кайсы ɵлкɵлɵрдɵ билим алышат?
Кɵпчүлүк учурда кыргыздын менмин деген аткаминерлери патриотизм жɵнүндɵ, ɵлкɵнү ɵнүктүрүү жɵнүндɵ ооз кɵптүрүп сүйлɵгɵндү жактырышат. Бирок ар дайым эле сүйлɵгɵн сɵздɵрү менен жасаган иштери дал келе бербейт. Мисалы алар балдарынын катардагы мектептерде, окуу жайларда билим алуусун каалашпайт, ал тургай колдошпойт дагы ɵңдɵнɵт.
Каныбек Иманалиевде да каражат мол окшойт
Депутат Каныбек Иманалиевдин эки баласы тең чет ɵлкɵдɵ окушат. Кызы Кунайым Иманалиева Англиядагы Эксетер университетине тапшырган. Маалыматтар боюнча окуу жайдын акысы жылына 15 миң долларды түзɵт. Ал эми уулу Элимбек Каныбек уулу Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин экономика факультетине тапшырган. Учурда ал Женева дипломаттык жана эл аралык мамилелер мектебинде окуйт. Аталган окуу жайдын бир жылдык тɵлɵмү 8 миң доллардын тегерегинде. Айта кетчү нерсе, депутаттын киреше булагы болуп анын айлыгы гана эсептелет. Ал ɵзү декларацияда ушундай кɵрсɵткɵн.
Булак: Де-факто