www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Элитмээлер» өлкɵнүн «эрке балдары» кайсы ɵлкɵлɵрдɵ билим алышат?
Кɵпчүлүк учурда кыргыздын менмин деген аткаминерлери патриотизм жɵнүндɵ, ɵлкɵнү ɵнүктүрүү жɵнүндɵ ооз кɵптүрүп сүйлɵгɵндү жактырышат. Бирок ар дайым эле сүйлɵгɵн сɵздɵрү менен жасаган иштери дал келе бербейт. Мисалы алар балдарынын катардагы мектептерде, окуу жайларда билим алуусун каалашпайт, ал тургай колдошпойт дагы ɵңдɵнɵт.
Осмонбек Артыкбаев уулу Лондондо жашайт
Абактагы Осмонбек Артыкбаевдин уулу Айдар Артыкбаев Улуу Британияда орто билимин алган. Депутат уулун Mill Hill School деген жеке менчик мектеп-пансионго жайгаштырган. Азыр Айдар окуусун аяктаган. Аталган окуу-жайдын акысы Лондон үчүн дагы бир топ кымбат экени белгилүү. Мисалы 1 семестр үчүн 1,2 млн сом тɵлɵɵ талап кылынат. Ал эми жогорку билимди London School of Economics университетинен алып, учурда Лондондо жашап иштейт. Осмонбек Артыкбаевдин экинчи уулу Эмил атасы түзгɵн "Неман-Фарм" дарыканалар түйүнүн жетектейт.
Булак: Де-факто