www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу кыргызстандыктар! Мына, 3-4 күндөн бери Нарын областынын Солтон-Сары жайлоосундагы абал жалпыбыздын бүйүрдү кызыткан, коомчулуктун көңүл чордонунда турган маселелердин бири болду. Учурда баарыбыз абал кайсы жагына оор экен деп абай салып турган убагыбыз. Ошол эле учурда тиешелүү бийлик органдарынын алгачкы билдирүүлөрү ЖМКларда чыга баштады. Ал билдирүүлөргө таянсак, кытай компаниясы таптаза иштеп аткан имиш.
Ветеринардык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Кумар Исаков берген маалыматтар боюнча, кытай компаниясынын ишин териштириш үчүн Солтон-Сарыдагы болгон мал кырылыш керек экен, кудая тобо!
Тиешелүү органдар абанын, суунун, топурактын үлгүлөрүн алып, лабораторияларга алып кетишти, эми жыйынтык чыкканча күтө тургула деп атышат. Болуптур, күтөлү! Бирок алардын жыйынтыгы да таптаза болуп чыксачы? Анда канттик? Тиги өлгөн козулар, өздөрүн өздөрү “харакири” кылган болуп чыгабы?
Мага жеткен маалыматтарга караганда, жол салуу иштеринин жүрүшүндө уюган алтындар чыккан экен. Анан кытай компаниясы жол салуу учурунда алынып жаткан топурактарды дробилкадан өткөрүп, анан майдаланган рудадан цианид аркылуу алтынды тазалап жаткандыгын айтышты. Тазалоодон колдонулган химикаттарды, хвостохранилища жок болгондуктан, сууга куюп жиберишкен. Мына, ошол учурда суу ичкен мал анан өлө башташы толук мүмкүн деп атышат.
Эми бул жазылгандарды иликтөө биздин укук коргоо кызматкерлеринин колдорунан келет болду бекен? Аларга иликтөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк беришер бекен? Үмүт акырында өлөт демекчи, тыкыр иликтенет деп үмүттөнүп туралы.
Нурлан Кыдыков
Булак: NazarNews.kg