www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов деген «майкөчүктү» жогору жактагылар изги тилек, илгерки үмүт менен жерге - сууга тийгизбей мактап - жактап жатып кызматка алып келишкен эле, бирок бул шүдүңгүт бүткүл элдин ишенимин сындырып, бийликтин үмүтүн актай алган жок. Жол жана транспорт тармагында кыпындай дагы түшүнүгү жоктугунун айынан иштин ийнедей көзүн да өздөштүрө албады.

Анысы аз келгенсип, буга чейинки бекитилген иш - пландарды да аткара албай артка кетирди.

Маселен, жаңы жолдордун курулушун мындай кой, иши ортолоп калган Түндүк - Түштүк альтернативалык жолу сындуу негизги иштер кадимкидей аксап калды. Ал
эми Кара - Балта - Бишкек унаа жолун оңдоо иштери ташбака кейпин кийип, жүргүнчүлөргө өтө жаман ыңгайсыздыкты жаратууда.

Министр катары жасалып жаткан жолдордун четине басып барып, ишти текшергенге жарабады. «Үлпүлдөк сулуучасынан» эле созолонуп иш бөлмөсүнөн чыкпай олтурат, көшөгөдөн чыга элек жаңы келиндин образында, - дейт "Де - Факто" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости