www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Элитмээлер» өлкɵнүн «эрке балдары» кайсы ɵлкɵлɵрдɵ билим алышат?

Кɵпчүлүк учурда кыргыздын менмин деген аткаминерлери патриотизм жɵнүндɵ, ɵлкɵнү ɵнүктүрүү жɵнүндɵ ооз кɵптүрүп сүйлɵгɵндү жактырышат. Бирок ар дайым эле сүйлɵгɵн сɵздɵрү менен жасаган иштери дал келе бербейт. Мисалы алар балдарынын катардагы мектептерде, окуу жайларда билим алуусун каалашпайт, ал тургай колдошпойт дагы ɵңдɵнɵт.

Ɵмүрбек Бабановдун балдары дагы Европаны тандайт

Ɵмүрбек Бабановдун улуу кызы Айпери 2013-жылдан бери Лондондо окуйт. Ал ɵз баракчасына Bromsgrove School деген престиждүү жеке менчик мектеп-пансионунда окугандыгын жазган. Кийин билимин Конкорд Колледж мектеп-пансионунда уланткан. Азыр ал Cass Business Schoolда окуйт. Айпери Бабанова "Азия Молл" соода үйүндɵ жана "Кыргызстан" банкында тажрыйба ɵтɵгɵн. Ал эми Нурэмир Бабанов былтыр №61 мектепти аяктап, АКШдагы түндүк-батыш университетине тапшырган. Иллинойс штатындагы окуу жай эң престиждүү университет катары саналат жана жылына окуунун тɵлɵмү 28 миң долларды түзɵт.

Булак: Де-факто

Последние новости