www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жемкорлор эркиндикке чыгып баштады...

Жогорку Сот Музаффар Исаковдун ишин карап, аны кайрадан карап чыгууну биринчи инстанцияга, Сузак райондук сотуна 3-июлда жөнөткөн. Сузак райондук соту 15-июлдагы сот отурумунда Исаковду үй камагына чыгарып жиберген.

Жогорку Кеңештин СДПКчы депутатына «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, сот тарабынан 7 жылга эркинен ажыратылып камакка алынган. Ал Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл өкмөтүндө башчы болуп иштеп турганда айыл чарба багытындагы 14 гектар жерди сатып жибергендиги боюнча айыпталган.

Эми ошол коррупцияга шектелип, анысы далилденип соттолгон Исаков үй камагына чыгарылды. Мындан улам коррупция менен күрөшүү деп жар салган азыркы бийликтин айткандарына ишенүү мүмкүнбү?

Учурда сузактыктар нааразы болушуп, Исаковдун кайрадан камакка алынышын талап кылышууда, - деп "Ачык саясат" өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости