www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, узундукка секирүү боюнча Олимпиада чемпиону Кыргызстанда төрөлгөн Татьяна Колпакова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстанга келгени жана Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын наамындагы сыйлыгына жеңил атлетика боюнча салтка айланган эл аралык турнирге катышканы үчүн  атактуу спортчуга ыраазычылык билдирди.

Президент 1980-жылы Москва шаарында өткөн XXII жайкы Олимпиадалык оюндардагы Татьяна Колпакованын эң сонун жетишкендиги анын талантынын, эрктүүлүгүнүн жана максатка жете билгендигинин жаркын күбөсү экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков 1997-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Татьяна Колпакованын атындагы эл аралык турнир анын мыкты спорттук жетишкендиктерине кыргызстандыктардын берген бийик баасы, спортчуга болгон  урмат-сыйы экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкөдө жеңил атлетиканы өнүктүрүүгө, сергек жашоо образын жайылтууга жана ата-мекендик жаш спортчуларды тарбиялоого  кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал Татьяна Колпакованын спорттук жеңиштери жаштарды жогорку натыйжаларга жетишүүгө чакырарын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков белгилүү спортчу Татьяна Колпаковага бекем ден соолук, бакубатчылык каалады жана өлкөбүздө спортту жана дене тарбияны өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн ага Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү саатын белекке берди.

Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова жакшы каалоо-тилектери жана анын спорттук жетишкендиктерине берген жогорку баасы үчүн Мамлекет башчыга ыраазычылык билдирди. Ал өзү төрөлгөн жана кесипкөй спортчу катары калыптануу жылдары өткөн сүйүктүү Кыргызстанды ар дайым жүрөк тереңиндеги жылуу сезимдер менен эскере турганын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жана Татьяна Колпакова өлкөбүздүн жаш жеңил атлетчилеринин жетишкендиктерин жана ийгиликтерин жогору баалашып, спорттун бул түрүн мындан ары өнүктүрүү чаралары тууралуу пикир алмашышты.

Белгилей кетчү нерсе, 2019-жылы Татьяна Колпакованын сыйлыгы үчүн турнирге Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Индиядан 200гө жакын спортчулар катышышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости