www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандык кыргыздарга көнгөн шартын түзүп бергенге аракет кылышыбыз керек. Мындай пикирди эксперт Элмира Ногойбаева айтты.
--"Ооганстандык кыргыздарды кайтаруу максатка ылайык, аткарса боло турган ишпи деген суроого - сөз өлүм менен өмүрдүн ортосунда турганда - бул аткарылуучу иш деп жооп берет элем. Менин пикиримде, бул жерде маселени аксакалдар кеңешинин деңгээлинде чечиш керек.
Ал жактагы аксакалдар менен бул жердеги аксакалдар сүйлөшүүсү керек. Биз жөн эле аларга "мына жер, жашагыла" деп коё албайбыз. Бул чоң драма, бул эки үйү бар биздин кишилер, биздин эл. Алардын көнгөн шартын түзүп бергенге аракет кылышыбыз керек. Ошондуктан сүйлөшүүлөрдү азыртан башташыбыз абзел. Бирок абдан кылдат мамиле кылуу зарыл, - дейт эксперт.
Булак: NazarNews.kg