www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурунку Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев жаңы жыл алдында «Жетиген» журналынан сыйлык алды. Албетте, ал сыйлык Сатыбалдиевдин өзүнө эмес, ал жардам берип келе жаткан «Волейбол Федерациясына» берилди. Муну Элмурза мырза да өз сөзүндө тактап: «Урматтуу жетигенчилер, сыйлыкты апрель окуясы боюнча мага берип атасыңарбы же федерацияга берип атасыңарбы?», - деп баса белгиледи. Аны менен токтоп калбай: «Мен өткөндө федерациянын маарекесинин урматына Жогорку Кеңештин энчилүү саатын алсам, аны саясатташтырып атышат. Мен айтып коеун, апрель окуяңар бүттү...», -деп «балп» этти.
Аныгында Элмурза Сатыбалдиевге Жогорку Кеңештин сааты берилгенин биздин гезит жазып, «Соттолгон кишиге ЖКнын энчилүү саатын бере берсе болобу?», - деген суроону кабыргасынан койгонбуз. Анан ага териккен Сатыбалдиев ачуусу менен ошол сыйлык алган кечеде күпүлдөдү. Жөн күпүлдөбөй апрель окуясын жокко чыгаргысы келди. Же эмне Сатыбалдиевдин логикасы боюнча апрель окуясы 9 жылда эле «тамам» болдубу? Же эмне миңдеген адамдар жарадар, жүздөгөн адамдар майып болгон, чырактай 90 баланын өмүрүн алган, тарыхта кара так болуп жазылып калган апрель окуясы Сатыбалдиевдин эс тутум «памятынан» «удалить» болуп кеткенби?
Нургазы Айтмырзаев
Булак: “De-Факто”