www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык өсүштү тездетүү үчүн Россия өкмөттү алмаштырды. Жаңы өкмөт башчы Михаил Мишустин Путиндин “Улуттук долбоорлорун” аткарууга артыкчылык берерин билдирди. Бул долбоорлор саламаттык сактоо, билим берүү, демография, маданият, жол, турак-жай, шаарларда адамга, жашоого ыңгайлуу шарт түзүү, экология, илим, ишкерликти колдоо, санариптештирүү, ири магистралдык инфраструктуралар, экспортту өзүнө камтыйт.

Бул тармактарга салына турган 26 трлн. рубль Россиянын экономикасынын өсүшүн тездетүүгө тийиш.

Бирок бул долбоорлор 0.5-0.7 % өсүш кошо алат. Андан артыкчаны күтүүгө болбойт, деп орустун экономикалык гурулары Алексей Кудрин, Герман Грефтер эскертип жатат.

Бул абройлуу адистер жетиштүү экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн Сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо керек дейт. Башкача айтканда, бийлик менчиктерди, инвестицияны “кол бала” сот менен тартып албагандай шарт түзүлүш керек, чыныгы сот адилеттүүлүгү камсыздалыш, кепилдениш керек, мына ошондо инвесторлордун ишеними, инвестициясы көбөйөт. Бул сөзсүз экономикалык өсүшкө алып келет деп эсептейт алар.

Санарип, жасалма интеллект, курал технологиясы боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөр менен атаандашкан, 500 млрд. доллар валюталык запасы бар, бюджети жыл сайын профицит менен аткарылган, айыл чарбасы дүркүрөп өсүп, №1 буудай экспорттоочуга айланган Россия 1-5-2% өсүшкө канааттанбай, ылдамыраак экономикалык өсүштүн түрдүү жолдорун издеп жатат.

Орус президенти Владимир Путин бир күндө төрттөн-бештен өтө маанилүү, татаал кеңешмелерди, жыйындарды өткөрөт. Изденет, аракеттенет, тыным албайт...

Айданбек Акматов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости