www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медведев эми жумушсуз калабы?

 

РФнын мурдагы премьер-министри Медведев менен азыркы премьер-министр Михаил Мишустин Өкмөт үйүндө отставкага кеткен Өкмөт мүчөлөрү менен жолугушту.

Ошондой эле Медведев өлкөдөгү өзгөрүүлөр табигый көрүнүш экендигин айтып,  жаңы Өкмөт курамы толук аныкталганга чейин “баары жакшы болот” деген үмүтүн билдирди.

Мурдагы премьер-министрдин айтымында Өкмөттө сегиз жылдын ичинде эки кабинет менен иштешкен. Өз сөзүндө ал премьер-министрлик татаал иш болушу менен бирге өтө жоопкерчиликтүү экендигин белгиледи. Өкмөт кабинетинин кызматкерлерине Мекенге кылган кызматы, Өкмөттөгү иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Жаңы примьер-министр Михаил Мишустиндин жана кабинеттин кызматкерлерине ийгилик каалады.

Өткөн жумада Медведев менен Мишустин жолугушуп, бир сааттан ашык созулган маектен кийин министрлер кабинети менен чогуу учурашышкан.

Эскерте кетсек,  учурда Медведев менен бирге кабинет мүчөлөрү жаңы Өкмөттүн курамы такталганга чейин убактылуу иштеп турушат.

15-январда Путин менен Медведев Федералдык чогулушта өкмөт отставкага кетип жаткандыгын жарыялашкан.

Путин ошол эле күнү Өкмөттүн отставкага кетүүсү тууралуу документке кол койду.

Владимир Путин Медведевдин кандидатурасын РФнын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына сунуштоо пикирин кабарлаган. 16-январда мурдагы премьер-министрди аталган кызматка дайындоо боюнча указга Путин кол койду.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости