www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Испикер” болуш оңой эмес...

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков дээринде бар жигит. Жөн эле киши спикер боло алмак беле? Дымагы, лидерлик сапаты бар үчүн төрага болуп олтурат да. 2010-жылдан бери депутат болуп олтурган Дастан мырза элге анча тааныла алган эмес. Айрыкча ар бир сүйлөгөнү «хайпка» айланып, спикер болгондон бери элибизге кеңири тааныла алды. Азыр Кыргызстандын илибой жерине барып, «Франкруут-на-Майяне», «Макка кайтарган жокпуз» же «Лапша илип, кулакка теппегиле»-деп сүйлөсөңүз эле, сизди спикер же спикердин жардамчысы экен деп ойлошот. Болбосо Жумабековчосунан орусча текстти 5 минут окуп коюшуңуз керек, болду. Сизди кийинки шайлоодо депутат, а түгүл спикер кылабыз деп чыгышат. Айтор, спикер болуш оңой эмес. Алгач сүйлөй турган сөздөрдү дыкат талдап үйрөнүш керек, бурадар...

Сокбилек

Булак: “De-Факто”

Последние новости