www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Убагында мамлекеттик жооптуу кызматтарда кесипкөйлүгүн көргөзө билген мурдагы башкы прокурор, КРнын Эмгек сиңирген юристи, кесиптик да, турмуштук да тажрыйбага бай Элмурза Ракиевич учурда коомдук иштер менен алек. Ал жетектеген Волейбол федерациясы бир топ ийгиликтерди жаратып кыргыздын желегин Азияда желбиретип жүрөт. Мындай ийгиликтердин жаралышына Элмурза Ракиевичтин салымы опол тоодой. “Адамды ишинен тааны” деп бекеринен айтылган эмес. Андыктан кандай кырдаалда болбосун, туруктуу жүзү бар эл уулу Элмурза Ракиевич менен кызыктуу маек курдук.
- Элмурза Ракиевич, ата конушуңуз Салам-Алик айылы тууралуу эмне айта аласыз, аталышына кызыгып көрсөңүз керек?
- Кичи мекеним - Өзгөндүн Салам-Алик айылы. Айылымдын аталышын толук билип, чечмелеп бере албасам да өтө ыйык, кереметтүү жер экендиги менен мактана алам. Кеп деле жөн жерден чыкпайт, угушум боюнча, илгери ошол айылдан эки олуя учурашкандыктан ушундай аталып калган дешет. Айылыбызда эки олуянын бирөөсүнүн күмбөзү бар. 11-кылымга таандык аталган күмбөз менин ата конушумдун так үстүндө. Күмбөз менен Өзгөн мунарасы бирдей курулуш материалдарынан жасалгандыгы, бир убакта чыккан кыштардан тургузулганы экспертизада далилденген экен. Күмбөз эскирип, ураганы калгандыктан жаңы кыштар менен тиреп, заманбап кылып оңдоп коюшкан. Бирок ичинен караганда ал кыштар көрүнөт. Төмөн жагынан булак агып чыгат. Аны айылдыктар “Мазар булак” деп коюшат. Чынында, өтө ыйык жай. “Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, биз анын баасын билбегенибиз менен коңшу өзбек эли дайыма келип, ал жерге зыярат кылып кетип турушат. Дарылык касиети бар аталган булактын суусунан алып кетишкендерин көрүп жүрөм. Айылымды аябай жакшы көрөм.Турмуштун түйшүгүнөн бошой калсам эле Өзгөнгө сапар тартам. Башкаларга окшоп чет жакка чыгып, курортторго барып эс албайм. Антип эс алган дагы эмесмин. Менин эң алыс барып эс алганым эле Өзгөн району. Анан көлдү сүйүп, жакшы көргөндүктөн Ысык-Көлгө барам. Өзгөн эми табияты менен ыйыктыгы жуурулушкан бир керемет жай. Мактагандай болбоюн, насип кылса өз көзүңөр менен көрөрсүңөр. Биздин айылдан 30 чакырым өйдө чыкканда Кара-Шоро улуттук паркы бар. Андан жазында суусу агып келет. Дарыяда экологиялык жактан таза маринка балыгы арбын. Биздин айылдан эң четки Он беш жаш айылына чейин жаңгак токою созулуп жатат. Жаңгактан бөлөк алча, жапайы алмалар өсөт. Ишкерлик кылам дегендерге мүмкүнчүлүк кенен. Жергиликтүү эл жемиштерден шире, компот кылып, жаңгактан кыям жасашат. Мен ушундай жерде туулуп, өскөн тагдырыма ыраазымын.
- Волейбол федерациясы былтыр өтө көп ийгиликтерге жетишти, быйылкыга кандай пландарды койдуңуздар?
- Ооба, чынында, федерациябыз 2019-жылы жакшы ийгиликтерге жетише алды. Бул он жылдан бери жасалган иштерибиздин жемиши. 2009-жылы түзүлүп, 2014-жылдан бери өзүбүздү жакшы жактан көрсөтө баштадык. Башкача айтканда, Азиянын борбордук зонасында эки жолу чемпион болсок, кыздарыбыз Ислам оюндарында 3-орунду алышты. Кайра Азиянын борбордук зонасында да 3-орунга ээ болушту. Эми быйылкы жылга да пландарыбыз зор. Бул жылы жайында Кыргызстанда эл аралык ири оюн өткөрүүнү көздөп жатабыз. Аны менен дүйнө чемпионатына тандоо болот. Мындай иш-чара 2017-жылы да өтүп, биз эки тандоо оюнун өткөргөнбүз. Бул деген волейболдун өскөндүгүн жана федерацияга болгон ишенимди билдирет. Дүйнөнүн, Азиянын федерациясынын ишенимине кирип, ушундай дүйнөлүк чоң чемпионатка тандоо өткөрүү деген өзүнчө бир эмгек. Буга биздин жаштар, спорт агенттиги колдоо көрсөтүшөт. 2017-жылы Канат Аманкулов волейболчуларды чакырып сыйлап, колдоо көрсөттү. Бул ишти айтпай кеткенге болбойт. Себеби жалгыз адам баатыр боло албайт, анын үстүнө спорт ири каражатты талап кылат. Андыктан мамлекеттин колдоосу жок эч бир спорт өнүкпөйт. Волейболду дагы да өнүктүрүү үчүн быйыл да алдыбызга чоң максаттарды койдук. Жасай турган иштер көп. Кыргыз волейболу, менимче, улактан кийин эле эл сүймөнчүгүнө, өзүнчө бир улуттук оюнга айланды. Андыктан биз ушул бойдон токтоп калбай, дагы да алдыга жылып кыргыз волейболун көтөрөбүз. Анын аркасынан өлкөбүздү даңазалайбыз. Бир гана көйгөйүбүз - стандартка ылайык волейбол залыбыз жок. Айыл жеринде ортого тор тартып алып ойной беришет. Өзүбүздүн спорт залыбыз болсо, балким, волейбол мындан дагы бийиктикке жетмек. Волейбол сүйүүчүлөр көп болгондуктан чоң оюндардын убагында дайыма эл батпай кыйналабыз. Ошондуктан жакшы бир спорт зал салуу оюбузда бар. Аны кылалы десек, жерибиз жок. Биз башка федерациялардай болуп 15-30 гектар жер аянтын сурабайт элек. Бизге болгону жарым гектар жер беришсе, ашар жолу менен болсо дагы көрүүчүлөрү менен бата тургандай волейболдук зал салат элек. Спортту сүйгөн, спортчуларга кайдыгер карабаган тың, ишкер балдарыбыз бар. Алар жардамга келмек.
- “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дешет го, сиздин билимиңиз да, тажрыйбаңыз да мол. Мамлекет тарабынан кызмат сунушталса, иштеп бересизби?
- Мен иштеримди иштедим, 2010-жылга чейин чоң карьерамды жасадым. Катардагы тергөөчүдөн башкы прокурорлук кызматка чейин жеттим. Андан кийин мамлекеттик кеңешчи болдум. Ага чейин Улуттук коопсуздук кызматында орун басар, анан убактылуу төраганын ордунда отурдум. Эми азыр мага ылайык кандай жумуш болушу мүмкүн, аны билбейм. Бирок калп эле “барбайм” деп айтканда эмне? Эгер мага жаккан жумуш болсо, эмнеге иштебешим керек. Балким, ошол сунушту күтпөй, 2020-жылы шайлоого катышам деп турам.
- Кудай буйруп Жогорку Кеңешке барып калсаңыз, ишти эмнеден баштап, эмнеге көңүл бурмаксыз?
- Өзүмдү депутат болууга даярдоодон баштамакмын. Ал деген эреже окумай, китеп окумай. Депутат деген ким, ал кандай болуш керек, алардын ич ара мыйзамдарын окуп билип, эл катары ишти баштайт элек. Эл өкүлдөрүнүн башкы вазыйпасы - мыйзам жазуу. Жакшы мыйзам жазууга менин билимим да, акылым да, тажрыйбам да жетет. Мыйзам жазуу деген оңой иш эмес. Себеби бүгүнкү күндө бир мыйзам жазсаң, аркасынан он мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө туура келет. Аны айрымдары түшүнө бербейт. Ошондуктан жакшы мыйзамдарды жаза баштайт элек, буюрса.
- Эми саясаттан четтеп, эркин темада баарлашсак. Адамдын тирүүчүлүктөгү алгачкы ооматы келген учур анын жаштыгы болот эмеспи. Сиздердин жаштыгыңар кандай өткөн?
- Мектепти аяктагандан кийин апамдын каалоосу менен юрист болууну көздөдүм. Укук коргоонун ичинен прокурор болуу максатым эле. Ошентип, Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшырмай болдум. Бирок ал маалда тартип күчтүү болчу. Юридикалык факультетке тапшырыш үчүн эки жылдык иштөө тажрыйба керек эле. Ансыз алмак эмес. Андыктан аскерге кетип, эки жыл кызмат өтөп келгенден кийин тапшырып, өтпөй калдым. Кийин 2 жыл иштеп, андан соң тапшыргам. Студенттик курагым аябай кызыктуу өттү. Советтер союзунда тартип, эреже, сый-урмат деген адамдын алдыңкы фундаменталдык принциптери жашачу. Азыркылар менен биздин жаштык кездин айырмасы асман менен жердей. Көрүнгөн жерге түкүрүнүп, ар кайсы бурчта тамеки тартып турчу эмеспиз. Мугалимди, улууларды жана кыздарды сыйлап турчубуз. Мыкты окусаң да, эгер жүрүм-турумуң начар болсо сени окуудан четтетип салчу. Эптеп окууга өтүп алган, алдына чоң максатты койгон мага окшогон балдар окуудан айдалып кетпейли деп коркот элек. Студенттер топ-топ болуп курулуш отряддарына барчубуз. Студенттик отряддарда жүргөндө эң жакшы күндөр өтчү. Жаштар китепканаларга барып өзүбүздү өнүктүрүүнүн үстүндө иштечүбүз. Ошондуктан ал кезде бардыгы билимдүү, маданияттуу болушчу. Биз деле дискотекаларга барчубуз. Сейил бактардын тазалыгын айтпа, тынчтык өкүм сүрүп турчу. Тынч, таза болгондуктан сейил бакта отуруп китеп окуу биздин мыкты эс алуубуз болуп эсептелчү. Мына ушинтип жаштыгыбыз өттү.
- Балдар менен мушташып, тентектик кылган учурлар деле болду да?..
- Эркек бала болгондон кийин ансыз болчу беле, сөзсүз болот да. Эркек өзүнө тиешелүү нерсени коргошу зарыл. Мекениң, ата-энең, сүйгөн кызың сенин коргооңо муктаж. Ал эми бул нерселер кантип мушташуусуз болсун. Ошондуктан “мушташкан эмесмин” десем калп айткан болом. Бирок жатаканада студенттер кеңешинин төрагасы, университетте комсомолдор комитетинин активдүү мүчөсү болгондуктан анчейин тартип бузуп тентектик кыла алчу эмесмин. Өзүм биринчи үлгү болоюн деп көп нерседен өзүмдү чектеп турчумун.
- Ошол лидерлик сапат калыптанабы же табияттан берилеби? Мисалы, сиздики?..
- Менимче, лидерлик сапат табияттан берилет. Кыргыздар аны “дээринде бар, идиреги бар” деп коёт. Аны сен болгону өнүктүрүп, өөрчүтүп кете аласың. Мен 1-класска барганда класском болгом. Ошол бойдон жетекчилик кызматтарда келе жатам. Класском, староста, аскерде жүргөндө старшина, студенттик кезде студенттердин кеңешинин төрагасы болдум. Бирок лидерлик сапат дээриңде болбосо, канча аракет кылсаң деле лидер боло албайсың. Анткен менен лидерлик сапатыңдын бар экени өзүңө билинбей, аны жаныңдагылар байкайт экен. Ал эми мыкты билим, жакшы жүрүм-турум лидерликти өөрчүтөт. Ал жагы эми өзүңдөн.
- Жашоодо үлгү алып, кеп-кеңешин угуп, таасир алган адамыңыз катары кимди айта аласыз?
- Мен ушул суроого жооп берерде дайыма тайсалдайм. Себеби бир дагы адамды айта албайт экем. Менде үлгү болгон адамдар көп, бирок ошонун бирөөсүнүн таасири тийип, ал тарбиялап, жашоодо устат болгон адам жок экен. Мага өзүмдүн тажрыйбам устат болуп, мамлекет тарбиялады. Бүгүнкү күндө дагы алган тажрыйбаларым мага устат болуп жатат. Бирок сыйлап-урматтаган жетекчилер сөзсүз болгон.
- Жаман душман эски достон чыгарына ишенесизби?
- Душмандын жаман-жакшысы болбойт. Бирок досуңдун душман чыкканы жаман экени анык. Анткени сенин сырыңды досуңдан башка эч ким жакшы билбейт. Ал уруш тактикасына келгенде сенин ошол жаралуу жериңе же болбосо алсыз жагыңа урат. Башкача айтканда, ал сенин алсыз жагыңды пайдаланып кетет. Мен достукту аябай жакшы түшүнөм. Достук сезими менде өтө күчтүү. Жашоо эрежем дагы ошондой. Досторум менен көп жүрөм, алардын колдоосунда болом. Бир нерсе болсо досторго кайрылам. Кимиси кандай дос экенин да айырмалай билем. Бирок баарына бирдей мамиле жасап, ортодогу мамилени үзбөй жүрө берем. Сатып кеткен жаман досторумду деле жаныма алып жүрө бермейим бар. Анткени табиятым ушундай экен, кек сактоо дегенди билбейм. Болбосо жашоодо мени эч ким капа кылбады дейсиңби. Анткен менен андай достор жүрүп-жүрүп өздөрүнөн өздөрү жоголуп кетет.
- Пендебиз да, ар бирибизде жакшы-жаман сапаттар болот. Сиздин “ай, ушундан арылсам болот эле” деп арыла албай жүргөн адатыңыз кайсы?
- Бирөөгө “ушунун колунан келет” деп аябай ишенип алмайым бар. Кээде мен күткөндөй мамиле болбой калат. Анан ал адам менен кайра келишимди бузуу мен үчүн абдан татаал. Ошондуктан ишенердин алдында ал сенин ишеничиңе татыктуу боло алабы, ошону ойлонушуң керек тура. Ушундай адам ылгабаган жерим бар. Мен муну өзүмдүн кемчилигим катары көрөм. Анан дагы бир жаман жерим - тез чечим кабыл алып жиберем. Ал дайым эле мен күткөндөй жыйынтык бере бербейт. Бул эми жаман сапатка киреби, билбейм, бирок ушул нерседен көбүрөөк жабыркап калган учурум болот.
- Жакшы ырдарыңызды, ыр жандуу экениңизди билебиз. Укук тармагын тандабаганыңызда, балким, искусство адамы болот белеңиз?
- Жок, мен искусство адамы боло албайт болчумун. Маданият деген кеңири түшүнүк да, ага өзүңдү алып жүргөнүң, жүрүм-турумуң, жашоо образың кирет. Ошондуктан өзүмдү маданияттын адамы катары элестете дагы албайм. Укук коргоо тармагынын адамы болбосом, бир жерде жакшынакай чарбакер жетекчи болмокмун. Мени жакындан билгендер дагы “союз маалында колхоз, совхозду башкарсаң, жакшы башкармак экенсиң” деп тамашалап калышат. Чынында, чарбаны жакшы көрөм.
- Ошол чарбачылыгыңызды үйдө колдоносузбу?
- Албетте, келинчегим экөөбүз тең аябай чарбакербиз. Шаар жеринде короо-жайлар чакан эмеспи, короодогу алакандай жерди да бош койбойбуз. Жубайым ар кайсы жер-жемиш, жашылчаларды айдап чарбалык иштерин жүргүзөт. Ал менден өткөн чарбакер. Мен анын аркасынан көзөмөлдөп, “бул туура эмес болуп калган окшойт” деп кеңешимди айтып турам. Үйдөгү мырзага таандык, мырзанын колу керек болгон жумуштун бардыгын өзүм бүтүрөм. Негизи эле адам чарбакер болушу керек.
- Жакындап келе жаткан 23-февралга карата эмне каалоо-тилегиңиз бар?
- Ата мекенди коргоо жеке эле мырзаларыбызга таандык, андыктан мырзалардын гана майрамы деген туура эмес. Аял болобу, эркек болобу, мекенди коргоо - ошол өлкөнүн жарандарынын бардыгынын милдети. Мекенди коргоо үчүн мырзаларыбыздын күчү керек болсо, аялдарыбыздын акылы, кеп-кеңеши, колдоосу керектелет. Акыркы жылдары мекенчилдик сезим жоголуп баратканы өкүнүчтүү. Ага идеалогиянын жоктугу себеп болууда. Биз жашоо-турмуш, күнүмдүк кызыкчылыктарга кызыгып, дүнүйөнү сүйүп калдык. Ошондуктан кийинки муунду, жаштарды болушунча мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялашыбыз зарыл. Кары-жаш, аял-эркек дебей мекенчилдик сезимди курчуталы. Заманыбызда дайыма ушундай бейпилдик, өлкөбүздө стабилдүүлүк, түнүбүз тынч болсун. Мекенчил десе эле сөзсүз курал кармап, чек арага барып атышуу эмес, акыл, билим менен мекенди коргосо болот.
Жазгүл КАРБОСОВА
Булак: "Элита плюс"