www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кодекстер деп какшадым эле. Эми минтип иштебеген Кодекстер кайрадан өзгөрмөй болду. Бул тууралуу журналист Элнура Кулуева өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Гумандуу жоругуңар жолдо калсын!
Кодекстер деп какшадым эле. Эми минтип иштебеген Кодекстер кайрадан өзгөрмөй болду. Ошондо бизди угушкан жок эле.
Алмаз Атамбаев, С.Жээнбеков, Жеңиш Парпиев,Курсан Асанов баш болуп, 120 депутаттар төш болуп окубай, талдайбай өткөргөн Кодекстер минтип «хана» болуп олтурат...
Сот-укуктук реформа жүргүзүү иш-чараларынын биринчи фазасы үчүн 13,6 млн. евро көлөмүндө каражат каралган. Анын ичинде 3 млн. евро калкка аларды түшүндүрүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жумшалган анан түшүндүрө албай калышып анан да каражат кетиршкен... Лейла Сыдыкова эжеке баштаган мыйзам жазгычтар бир да тергөө системасында, оперативдүү кызматта иштеген эмес. Алар бүтүндөй системаны шал кылышты. Бул катачылыктар үчүн ким жооп берет? Ушунуча каражатка жазылган мыйзамдар 2 жыл аралыгы талкаланды. Мамлекетке эң чоң зыян алып келген бул аракетке баа берилиши керек. Буларды да иликтеш керек.
1. Соттук-укуктук реформага 5 жыл аралыгы канча акча каражат каралган?
2. Каржы булагы кайсыл уюмдар?
3. Иштиктүү жумушчу топту ким түзгөн жана ким жетектеген?
4. Канча автор, канча эксперт тартылган? Аларга канча акча каражат жумшалган. Бул авторлорду ким тандаган?
5. Жаңы Кодекстерди элге түшүндүрүү иштерине канча акча жумшалган? Куратор ким?
6. Элге жеткирүү үчүн кайсыл ММКларда чагылдырылган жана канча акчалар бөлүнгөн.
6. Эксперттер кайсыл өлкөлөргө барышкан?
7. Жаңы кодексти жазууда автор болгон эл өкүлдөрү кимдер?
8. Жаңы Кодекстер канча тираж менен чыкты?Ага кеткен сумма канча сомду түзөт?», - деп суроо салган ал.
Булак: NazarNews.kg