www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Элвира Сурабалдиева Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кемин районунун аймактык ооруканасына жана Чүй районунун аймактык ооруканасына барып, андагы жугуштуу оорулар, балдар жана төрөт бөлүмдөрүнүн абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Элвира Сурабалдиева белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бардык күч-аракетти саламаттык сактоо тутумун модернизациялоого жана колдоого алууга багыттоодо.

«Сапардын негизги максаты – медициналык мекемелердин актуалдуу жана курч көйгөйлөрү менен жеринде таанышуу. Учурда узак убакыт бою калдык принциби боюнча каржыланып келген саламаттык сактоо тутумун күчтөндүрүү маселесине артыкчылыктуу маани берилүүдө. Медициналык мекемелердин абалы, алардын тийиштүү жабдуулар менен камсыздалышы жана жабдылышы эң маанилүү маселе. Медициналык кызматкердин макамы, анын социалдык жактан корголушу жана иштөө шарттары да көңүл борборунда турат. Мындан тышкары, медициналык кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу маселеси да маанилүү. Бул маселелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иш алып барып жаткан артыкчылыктуу багыттардан», - деди ал.

Белгилесек, Кемин районунун аймактык ооруканасында капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн, ага республикалык бюджеттен 22,4 млн сом бөлүнгөн.

20 орунга эсептелген оорукананын төрөт бөлүмү ымыркайлар үчүн өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратына жана санариптик рентгенге муктаж. 

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин донордук каражаттарынын эсебинен учурда жугуштуу оорулар бөлүмүндө оңдоо иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, төрөт жана хирургиялык бөлүмдөр жайгаштырылчу имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү маселеси турат. Иштин сметасы 20 млн сомдон ашуун сумманы түзөт. 

Чүй районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү 1998-жылдан бери иштебей турат, имаратка капиталдык ремонт талап кылынат, анын наркы болжол менен 13 млн сомду түзөт. Аймактык ооруканада жүк ташуучу лифт иштебейт, бул бейтаптарга жана медиктерге оорчулукту келтирүүдө.

Андан соң вице-премьер-министр Ысык-Ата районунун Ивановка айылындагы Респубдикалык балдар психиатриялык ооруканасына барды.

Учурда мекемеде, аянты 1 миң кв.м. саналган имаратта 8 бала бар, аларды камсыздоого республикалык бюджеттен жылына 8 млн сом бөлүнөт.

Сапардын жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр мекемелерди тийиштүү жабдуулар менен камсыздоо боюнча маселени иштеп чыгууну тапшырды. 

Тийиштүү мамлекеттик органдарга бейтаптардын дарылануусу жана жашоосу үчүн тийиштүү талаптарды эске алуу менен балдар психиатриялык ооруканасын Бишкек шаарына которуу маселесин иликтеп чыгуу тапшырылды. 

Аталган маселени комплекстүү кароо максатында кызыкдар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда комиссия түзүлөт. Комиссия ошондой эле психиатриялык оорукананын имаратын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор катары кайра түзүү маселесин да карап чыгат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости