www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун куруу токтотулдубу?

Кыргыз өкмөтү Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун Жумгал районундагы тилкесин куруп жаткан италиялык «Todini Costruzioni Generali Company» менен келишимди бир тараптуу токтотту.

Келишим бир тараптуу 2020-жылдын 1-декабрында токтоду. Транспорт жана жол министрлигинин маалыматы боюнча келишим жол курулушунда каржылык колдоо көрсөтүп жаткан Азия өнүктүрүү банкынын макулдугунун негизинде токтотулган. Аны мекеменин өкүлү Султан Сарбагышев мындайча түшүндүрдү:

«2018-жылы транспорт министринин ошол кездеги орун басарына коррупциялык схемага аралашкан деп иш козголгон. Ага карата Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соту чечим чыгарды. Чечимге карата апелляциялык даттануунун мөөнөтү 2020-жылдын ноябрь айында аяктады. Азия өнүктүрүү банкынын процедуралык иштерине ылайык, бул иште биз келишимди бир тараптуу жокко чыгардык».

Министрликтин маалыматы боюнча италиялык компания жол курулушунун 12% аткарган. Мурунку күндөрү кыргыз өкмөтү бул компания канча каражат короткону эсептелип чыгып, жасаган иштерине баа берилерин билдирди. Ошондой эле январь айынын ортосунда түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун Жумгал районундагы бул тилкесин курууга кайра тендер жарыяланат. Документ иштери учурунда бүткөрүлсө иш жаз айлары менен кайра уланат.

Чуу жараткан пара чыры, сапатсыз жасалган жол

Эпкин - Баш-Кууганды аймагындагы 69 чакырым жолду салыш үчүн 2018-жылы италиялык «Todini Costruzioni Generali Company» тендерден утуп алган. Өкмөт бул компания менен 40 миллион 751 миң долларга үч жылга келишим түзгөн.

Кийинчерээк транспорт министринин ошол кездеги орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалган. Тергөөнүн баштапкы маалыматы боюнча министрдин орун басары тендердик комиссиянын төрагасы болуп туруп, чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргош үчүн жалпысынан 520 миң доллар пара сураганы кабарланган. Биринчи май райондук соту Жусубалиевди 14 жылга кескен.

 

Мындай коррупциялык иштерге карабай италиялык компания андан бери жол курулуш иштерин улантып келген. Бирок жумгалдыктар жол сапатсыз салынып жатканын айтып, нааразы болуп жүрүшкөн.

Жумгал районунун жаштар уюмунун төрөгасы Марат Оторбаев - компаниянын ишине нааразы болгон тургундардын бири. Ал жүрүп жаткан ишти тасмага түшүрүп «Фейсбуктагы» баракчасына бир нече жолу жайгаштырган.

«Жол салынып жатканда бийлик көзөмөл кылып жаткандай түр көрсөткөнү менен текшерүү жакшы жүргөн эмес, - деди ал. - Жолдун астына чоң-чоң таштар төшөлгөн. Эреже боюнча ал жерге майда таштар салынышы керек эле. Учурунда «башкы планды өзгөртүп, саздак жерлерге жол салууну кайра карап чыккыла» деп сунуш бергенбиз. Бирок «ага кошумча каражат жумшалат» деп, биздин айтканыбызды угушкан жок. Транспорт министрлигине да кайрылганбыз. Ташта-Кыя деген бел бар. Ал ылдыйлатылат деп айтылган. Бирок ошол боюнча эле калды. Бул белден машине араң чыгат. Эми асфальт төшөлсө тыгын пайда болушу мүмкүн. Жалпылап айтканда «эптемей» иш жүрдү».

Деген менен Жумгал районунун мурдагы акими, өкмөттүн Нарындагы өкүлүнүн орун басары Адыл Сапаров активисттердин айткандарына макул эмес.

«Көзөмөл болгон үчүн жолду куруп жаткан компаниянын иши токтотулду. Болбосо алар ишин уланта беришмек да. Ал эми биз жергиликтүү бийлик катары көз салып турдук. Көзөмөл кылганга укугубуз жоктугуна байланыштуу бир канча жолу Транспорт жана жол министрлигине «сапатын карап бергиле» деп кайрылдык. Колубуздан келген ишти учурунда тийиштүү мекемелерге жеткиргенге аракет кылып жаттык», - деди ал.

Италиялык «Todini Costruzioni Generali Company» ишканасынын өкүлдөрү менен байланышканыбызда алар азырынча комментарий бербей турганын айтышты.

Акыдан кур калган ишкерлер

Сөз болуп жаткан италиялык компания Жумгалдагы бул жолду куруу үчүн туунду жалдануучу (субподрядчик) катары «Енисей Курулуш» аттуу башка ишкана менен келишим түзгөн.

Учурда бул эки компанияга жумгалдыктардын эле эмес, жеке ишкерлердин да нааразылыгы күч. Алар көрсөткөн кызматтары үчүн акы ала албай калганын айтып 25-декабрда Транспорт министрлигинин алдына митингге чыгышкан.

Алардын бири жеке ишкер Бекбосун Тентиев банктан насыя алып жол курууда колдонгон суу ташуучу автоунааны 17 миң АКШ долларына сатып алганын айтууда. Ал сөз болуп жаткан техникасын жолчуларга бир күнгө 6500 миң сомго ижарага берет. Тентиев азыр «Енисей Курулуш» компаниясынан 327 миң сом аласасы бар экенин айтууда.

«Мага окшогон 60тай ишкер бар. «Енисей Курулуш» компаниясы бизге жалпысынан 17 млн. сом бересе. Көбүбүз банктан насыя алып, техника сатып алганбыз. Аларды ижарага берип, акчасын актатып алабыз деп ойлогонбуз. Мен насыямдан мал-жандыктарымды, мүлкүмдү сатып кутулдум. Колумда эмне болсо бүт саттым. Менден башкалар насыясын төгө албай күрөөгө койгон тамын банкка алдыртып жатат. Биздин техникабызды ижарага алган «Енисей Курулуш» компаниясынын жетекчилери дайынсыз кетти. Таппай калдык. Сотко кайрылалы деп жатабыз».

«Енисей Курулуш» компаниясынан өкүлдөрү менен байланышууга макул болгон жок. 

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жол курулушундагы коррупциялык схема гүлдөп өнүккөн деп эсептейт.

«Кыргызстанда акыркы он жылда салынган бардык жолду текшерип, аларга кеткен акчаны эсептесе бул тармактагы коррупциялык иштердин бети ачылат. Буга аралашкан адамдардын жүзү ачылат. Себеби, тендерден бир да техникасы жок компания утуп алат дагы, аны туунду жалдануучу катары Транспорт министрлигинде иштеген аткаминерлердин байланышы бар компаниялар иштетет. Жол салуу эмес эле «кол салуу» болуп калганы ачык болуп калды. Жолдор насыянын эсебинен салынып жатат. «Бюджеттен акча бөлүнбөйт» деп мындан акча жегенди адатка айлантышты. Бул тармактагы коррупцияны түп-тамыры менен жойсо болот. Бирок ага саясий эрк керек», - деди депутат.

Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык Түндүк-Түштүк жолу Кыргызстандын эгемендикке ээ болгондон берки эң дымактуу долбоору катары айтылып жүрөт.

Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт. 2014-жылы башталган, жалпы наркы 850 миллион долларлык долбоордун инвесторлору – Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Кытайдын «China Road & Bridge Corporation» корпорациясы жүргүзүп жаткан курулуш иштери үч фазага бөлүнгөн.

Буга чейин өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген альтернативалуу жолду 2023-жылы пайдаланууга берүү пландалып жаткан. Быйылкы жылдын июнь айындагы маалыматка караганда, долбоордун 76% аяктаган.

Булак: Азаттык

Последние новости