www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт үйүнүн алдына чогулган "Караван" соода борборунда иштеген ижарачылар менен вице-премьер Элвира Сурабалдиева жолукту.
Митингге чыккандар "Караван" соода борборун онлайн-аукционго коюуга каршы. Алардын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду соода үйүн онлайн-аукционго койсо, анда иштегендер бутиктеринен ажырап калат.
Сурабалдиева соодагерлердин арыз-муңун угуп, башка кесиптештери менен бул маселени талкуулап бир жуманын аралыгында жооп берүүнү убадалады.
Андан соң чогулгандар койгон талаптарын жазуу түрүндө да берүү үчүн кол чогулта баштады.
Эске салсак, "Караван" соода борбору Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевден мамлекетке алынып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун эсебине өткөрүп берилген.
Булак: NazarNews.kg