www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту.
Жолугушууда эки тараптуу мамилелердин кеңири багыттары талкууланып, парламенттер аралык диалогду өнүктүрүү тууралуу сөз болду.
Комитет төрайымы Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүү фактору катары парламенттер аралык алакаларды бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп: «Конструктивдүү парламенттер аралык кызматташтык жогорку деңгээлдеги саясий байланыштарды сактоо менен бирге эки өлкөнүн күн тартибиндеги актуалдуу маселелери боюнча алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгууга да шарт түзөт», - деди.
Ошондой эле депутат жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашыруунун, тиешелүү комитеттердин жана депутаттык достук топтордун ортосундагы алакаларды күчөтүүнүн зарылдыгын кошумчалады.
Мындан тышкары миграция темасына токтолгон Эльвира Сурабалдиева кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана административдик тоскоолдуктарды азайтуу өтүнүчүн билдирип: «Биз жарандарыбыздын укуктарын коргоонун кошумча механизми катары Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлчүлүгүн ачуу демилгесин колдойбуз», - деп белгиледи.
Өз кезегинде Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Сергей Вакунов дагы өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлине көңүл бурду.
Муну менен катар миграция жаатындагы көйгөйлөргө токтолгон элчи Россия тарап миграциялык процесстерди тартипке келтирүү жана бул чөйрөдөгү терс факторлорду жоюу боюнча активдүү аракеттерди көрүп жатканын эске салып: «Россия Федерациясынын 2026-2030-жылдарга карата мамлекеттик миграциялык саясатынын бекитилген концепциясы миграциялык агымдарды жөнгө салууга багытталган дифференцияланган мамилени камтыйт. Анын ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин статусун эске алуу менен алардын жарандарына жагымдуу шарттарды түзүү жолдору каралууда», - деди.
Тараптар андан ары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелер тууралуу пикир алышып, кыргыз-россия кызматташтыгын мындан ары чыңдоого, ошондой эле союздаштык, ишеним жана өз ара сыйлоо принциптерине негизделген парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.