www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусуповго тиешелүү "Эмаком" курулуш компаниясы миңдеген адамдардын акчасын алып, үй куруп бербей көчөдө калтырды. Бул депутат убалдан, көз жаштан коркпогон, Кудайдан жөө качкан анык шылуун окшойт. 

Карапайым калкка иштеген мыйзам, эмнеге ушундай элди сыздаткан шылуундарга келгенде эле шал болуп, иштебей калат? УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев элдин акчасын алып, үй салып бербей депутат болгонуна манчыркаган Жусуповду камап, 3 жылдан бери үйдөн жок, же акчадан жок калган жарандардын каражаттарын кайтарып берсе, акыйкаттык бар экенине ынанат элек. 

Мыйзамды, элин сыйлабаган Жусуповго кошуп, "Эмаком" курулуш компаниясын айга-күнгө теңеп, элди ишендирген пиарщик ырчы-чоорчулардын дагы жоопкерчилигин кароо зарыл. Дал ушулардын кесепетинен канчалаган жарандар сызга отуруп калышты. 

Андыктан, "Эмаком" курулуш компаниясын мактагандар, үй алсаңар шумдук болот дегендердин аттары ачык жазылып уяткарылып, мыйзам алдында тиешелүү жазага тартылсын! 

Ар ким эле Эмилбек Жусуповго окшоп элди алдап акчасын алып депутат болуп алса эле, мыйзам алдында жооп бербей калса, анда элдин убалы эмне болот? 

Дал ушул "суу куйду" Жусупов Ош шаарына дагы эч кандай уруксаты жок мыйзамсыз үй салып, эч кандай коммуналдык (суу, свет, канализация) кызматтарын кошуп бербей элдерге сатып, "кирип жашай берсеңер мэрия кошуп берет" деп элди алдап, мэрияга түйшүк жараткан көз боёмоочулук кылганын Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов ачык айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости