www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясына катышуу үчүн Кыргызстандын расмий делегациясын жетектеди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Дүйнөнүн 190дон ашуун өлкөсүнөн келген профилдик уюмдардын делегаттары гендердик теңчиликке жетишүүнү тездетүү, жакырчылык менен күрөшүү, институттарды бекемдөө жана гендердик факторлорду эске алуу менен каржылоо аркылуу бардык аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин талкуулашат.
Министр Гүлнара Баатырова аялдардын жана кыздардын абалы, ошондой эле Кыргызстанда гендердик теңчиликке жетишүү жаатында жүргүзүлүп жаткан саясат жөнүндө баяндама жасайт.
Аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча сунуштарды жана пикирлерди алмашууга Кыргызстандын БУУдагы Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева, финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева, Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Окоева катышууда.
Булак: NazarNews.kg