www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында министрликке караштуу Республикалык протез-ортопедиялык мекеменин филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө майыптыгы бар жарандар менен жолугушуу болуп, жарандар тарабынан мурда көтөрүлгөн актуалдуу маселелер, анын ичинде протез-ортопедиялык кызматтардын сапаты жана жеткиликтүүлүгү талкууланды. Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү чечүү баскычында экени белгиленди. Өзгөчө көңүл ортопедиялык бут кийимдерди даярдоо мөөнөттөрүн кыскартууга, буюмдардын моделдерин жаңылоого жана тейлөө шарттарын жакшыртууга бурулду.

2025-жылдан тартып министрлик тарабынан протез-ортопедиялык мекемени модернизациялоо боюнча системалуу чаралар ишке ашырылууда. Бюджеттен бөлүнгөн 97,8 млн сомдун алкагында ортопедиялык бут кийимдерди жана протез буюмдарын өндүрүү үчүн заманбап жабдуулар 89 млн сомго сатып алынды. Учурда жабдуулардын 30–40 пайызы жеткирилип, Ош филиалында орнотулууда.

Филиалда каттоодо 4 390 майыптыгы бар жаран турат. Республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле өнөктөштөрдүн колдоосу менен мекемеде оңдоо иштери башталып, келгендер жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө, белгиленген талаптарга ылайык өндүрүш процессин этап-этабы менен жаңылоо жүргүзүлүүдө.

Кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Тактап айтканда, филиалдын протезисттеринин бири Минск шаарындагы Беларустун протез-ортопедиялык мекемесинде квалификациясын жогорулатып келди. Алган билим жана практикалык көндүмдөр иш процессине киргизилүүдө.

Бүгүнкү күндө мекемеде ортопедиялык буюмдардын жаңы моделдерин чыгаруу башталып, бул ассортиментти кеңейтүүгө жана майыптыгы бар жарандардын муктаждыктарына көбүрөөк жекече мамиле кылууга мүмкүнчүлүк берет.
 

Последние новости