www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын 1-июнуна карата, 60 миң 443 ымыркайга «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү берилди. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жалпы республикалык бюджеттен 215,6 млн сом, анын ичинде 1,1 млн сом бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 21 балага төлөнгөн.

Министрлик ар бир бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөм 4 миң сомдон берилерин эскертет. Эгерде үч же андан көп бала төрөлсө, бир эле учурда ар бир балага 5000 миң сом төлөнөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, январь-март айларында Кыргызстанда 34 миң 446 балага төрөлгөн.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости