www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Tunduk мобилдик тиркемесинде баланы мектепке каттоо үчүн онлайн арыз берүү кызматы ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Учурда мектепке электрондук жаздыруунун экинчи этабы жүрүүдө. Ал 15-августка чейин уланат.

Маалыматка ылайык, бул кызматты 2018 жана 2019-жылдары туулган балдардын ата-энелери пайдалана алышат. Бул этапта бош орундар калган мектептердин арасынан тандоо мүмкүнчүлүгү берилет:

2019-жылы туулган балдар — 1-класска (же “Наристе” программасын бүткөн болсо 2-класска);

2018-жылы туулган балдар — 2-класска кабыл алынат.

Арыз берүү үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

“Tunduk” мобилдик тиркемесине кириңиз.

“Кызматтар” бөлүмүнө өтүңүз.

“Билим берүү” категориясын тандаңыз.

Балдардын тизмесинен балаңызды тандаңыз.

Облус жана районду көрсөтүңүз.

Мектепти жана окуу тилин тандаңыз.

Арызды ырастаңыз.

Кененирээк маалымат алуу үчүн 110 телефонуна чалуу керек.

Последние новости