www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми кичи автобустар Киев көчөсү менен каттабайт

Эми Киев көчөсү менен кичи автобустар каттабайт, деп билдирди Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин башчысы Марат Муканов «Биринчи радиого» берген маегинде.

Анын айтымында, бул көчө менен жүргөн кичи автобустар Жибек Жолу проспектисине же Фрунзе көчөсүнө багытталат. Ошондой эле кичи автобустар коомдук транспорт жок калктуу конуштарда каттайт.

Бул иш Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү кичи автобустарды каттамдан алуунун алкагында жүргүзүлүүдө. Мэрия Ахунбаев—7-апрель көчөсү (Курманжан датка) — Чүй — Манас проспектилери менен чектешкен аймакта кичи автобустардын каттамы токтоорун билдирген. Биринчи этап 10-апрелде башталып, Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн 6 маршруттук линия алынат, башкача айтканда алардын каттамы өзгөртүлөт.

2023-жылдын декабрь айында Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү кичи автобустардан бошотулуп, Чүй проспектиси менен жүргөн кичи автобустар Киев көчөсүнө багытталган. Жалпы 36 каттамдын кыймыл схемасы өзгөртүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости