www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы азыркы соода жүгүртүү мүмкүн болуучу потенциалга дал келбей турганы айтылды. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин расмий иш сапары менен Бишкекке келип, президент Садыр Жапаров менен жолгушканда эки тараптуу алаканы талкуулоо учурунда сөз болду. 

Буга байланыштуу Кыргызстан менен Россия эки өлкөнүн соода алаканы мындан ары жаңы деңгээлге чыгарып, 5 миллиард долларга жеткирүү зарылдыгына токтолушкан.

Мына быйылкы жети айдын жыйынтыгы боюнча өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүү 1 миллиард 542 миллион долларды түзгөн. Ошондо Кыргызстандын экспорту 422,9 миллион доллар болсо, ал эми Россиядан импорт 1,1 миллиард долларга бааланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости