www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги учкучсуз учуучу аппараттарды (дрондорду) колдонуу боюнча авиациялык эрежелердин долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Долбоор кабыл алынса, Кыргызстанда дрон учуруу үчүн атайын окуудан өтүп, сертификат алуу жана дронду каттоо милдеттүү болот.
Ошондой эле дрон учуруу үчүн УКМК, ИИМ, мэрия жана башка тиешелүү органдардан уруксат алуу талап кылынат. Калк жашаган аймактарды тартууга өзгөчө чектөөлөр каралган.

Агенттик бул эрежелер дрондорду коопсуз жана тартиптүү пайдаланууну жөнгө салууну максат кыларын билдирүүдө. Документ кошумча бюджеттик чыгымдарды талап кылбайт.

Журналисттер жана блогерлер бул талаптар ыкчам иштөөгө тоскоол болуп, сөз эркиндигин чектеши мүмкүн деп кооптонушууда. Алар дрон репортаждарда жана иликтөөлөрдө маанилүү курал экенин айтышууда.
Долбоор күчүнө кирсе, дрон ээлери 2–3 жума окуп, болжол менен 12–21 миң сом төлөп сертификат алышы керек болот.

Последние новости