www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов кол койгон Кыргызстандын жарандарына байланыштуу токтом кароого чыгарылды. Ал Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагында жүрүү жана кирүү тартиби тууралуу.

Эми Кыргызстандын жарандары Казакстандын чек арасынан өткөндөн тарта өлкөнүн аймагында 90 күн жүрө алат. Документ 2024-жылдын 1-сентябрына чейин жарактуу. Буга чейин Казакстандын аймагына визасыз эреже менен кирген жарандарга 30 күн убакыт берилген.

Документте мындай мүмкүнчүлүк Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара байланышты бекемдеп, жарандарга жагымдуу шарттарды жарата турганы жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости