Эми Кыргызстанды индиялыктар каптайбы? Бишкек-Дели чартердик каттамы жанданды
Коом  |   |  4249

Кыргызстандагы "Манас" эл аралык аэропортунан Индиянын борбор шаары Делиге чартердик каттам жанданды. Бул тууралуу маалыматты аталган аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, каттамдар «Эйр Манас» авиакомпаниясы тарабынан шейшемби күндөрү аткарылат. Буга чейин «Эйр Манас» авиакомпаниясы Дели шаарына 2015-2018-жылдары каттамдарды аткарган.

Эске сала кетсек, буга чейин жай мезгилинин ортосунан тартып өлкөгө Пакистандын жарандары массалык түрдө келе баштаган. Чет элдиктердин мындай көп агымына көнө албаган коомчулук, бийлик өкулдөрүнө чек араны жабуу сунушун киргизүүгө чейин барган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями