www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жана бөлүм башчыларына бир эле убакта менчик клиникаларда дагы иштөөгө тыюу салынды. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Мыйзам гезитке жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Ага ылайык, мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерин дайындоо кадрлар резервинен жүргүзүлөт. Резервди түзүү жана пайдалануу тартибин Министрлер кабинети аныктайт. Бейтапкананын жетекчилик мөөнөтү 5 жылды түзөт, ал эми бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык иштей албайт.

Мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери же бөлүм башчылары менчик саламаттык сактоо уюмдарында иштей алышпайт, бул талап аткарылбаган шартта 10 күндүн ичинде кызматтан бошотулат.

Последние новости