www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга мигранттар которгон акча каражатынын теңинен көбү Орусиянын рубли менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банктан билдиришти.

Акча которуу тутумдары аркылуу операциялар негизинен рубль, доллар жана евро сыяктуу валюталар менен ишке ашырылат.

«Белгилей кетүүчү жагдай, 2020-жылы жеке адамдардын акча которууларынын басымдуу бөлүгү Орусия рублинде жүргүзүлгөн (жалпы жүгүртүүнүн дээрлик 60 пайызы)», - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, өткөн жылы жеке адамдар тарабынан өлкөгө 2 миллиард 377,2 миллион доллар которулган.

Мигранттардан келген каражат Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү болуп саналат. Ал ички дүң продукциясынын болжол менен үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости