www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиядан мындан ары коронавируска кабылгандар менен байланышта болгондорду обочолонтуу эрежеси алып салынды. Бул туурасында мамлекеттик башкы санитарык врач Анна Попова кол койгон токтом күчүнө киргенин РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, буга чейин Попова "омикрон" жуктургандар менен байланышкан адамдарды карантинге алуу негизсиз болуп калганын, себеби ал өтө жугуштуу болгондуктан көбүнчө симптомсуз өтөрүн белгилеген.
Буга кошо 6-февралдан тарта коронавирустан дарыланып жаткандарды ооруканадан чыгаруу боюнча дагы жаңы эреже киргизилет. Эгер дарылоо жети же андан көп күнгө созулса, бейтапты COVID-19га тест тапшыртпай эле үйүнө чыгара берет. Ал эми бир жумадан азыраак дарыланып жакшы болуп калса тесттин терс жыйынтыгын алуу талап кылынат.
Булак: NazarNews.kg