www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Эч кандай диверсия эмес, бул — шалаакылык". Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Бишкек ТЭЦиндеги аварияга жетекчилер түздөн-түз жооп беришин талап кылды.

Ал жаралган жагдайга саясий баа берүү керек деп эсептейт.

"1960-70-жылдары курулган ТЭЦти иштете албай ушундайга бардык. Бул эч кандай диверсия эмес, бул — шалаакылык, ишти билбестик" деп ойлойм. Анткени чоң стратегиялык объектиде бир жылда үч жолу директор алмашкан. Жакшы, кудай сактап түндө жарылды, күндүз болсо эмне болмок эле? Миллиарддан ашык чыгым болгонун айтышууда. Канчалаган эл жабыркады, дүрбөлөң түштү", — деди эл өкүлү.

Кесиптешинин сөзүн Улугбек Ормонов да колдоп, авариянын эмнеден келип чыкканын иликтеген ведомстволор аралык комиссияга ЖК депутаттары кирбей калганына нааразы болду.

Буга чейин ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев Бишкек ТЭЦиндеги жарылууда диверсия болушу мүмкүн деген божомол да каралып жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости