www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмил Тукаев КР Коргоо министрлигинин Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы (ЖККУ) ыйгарым укуктуу өкүлү болуп шайланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.

Анын айтымында, буйрукка кол коюлду, жакында Тукаев иш сапарга жөнөп кетет.

“Бердибек Асановго байланыштуу бир аз жаңылыштык кетти. Анын талапкерлиги КР Коопсуздук кеңеши тарабынан бекитилген эмес, ага карабастан Москвага сапарга жөнөтүлгөн. Бирок кийин анын адеп-ахлактык жана ишмердик сапаты туура келбегендиктен кайрадан артка жөнөтүлгөн”, - деди ал.

Белгилей кетсек, КР ЖККУдагы жаңы өкүлү буга чейин абадан коргонуу боюнча командачынын орун басары кызматын аркалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости