www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге Өзбекстанда дагы кылмыш иши козголду. Бул туурасында анын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Алишер Эрбаев билдирди.
Анын айтымында, эл өкүлү Өзбекстанга чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткен. Муну Башкы прокуратура далилдеп, комиссия мүчөлөрүн ишендирген.
Бирок Эрбаев бул оор берене эмес экенин, 1-3 жылга эркинен ажыратуу же 50-100 миң сом айып салуу каралганын кошумчалады.
Жамгырчиев азыр кайда экени белгисиз. Кечээ комиссия аны жоопко тартууга макулдук бергенден кийин качып кеткени айтылууда.
Булак: NazarNews.kg