www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУ, ШКУ, КМШ сыяктуу өз кызыкчылыгына жараша келишимдерди бузуп коёт экен. Мындай пикирди саясат таанучу Эмил Жураев кыргы-тажик окуясы тууралуу маек куруп жатып билдирди.

--“Андан дагы биз эң жакын кошуна болуп туруп, бул эле уюм эмес, дагы бир топ уюмдарга мүчө болуп турганыбызга карабай ушундай ишке баруу, Тажикстандын бийлигинин түрү, режими тууралуу да сөз кылууга алып келет. Ачыгын айтканда авторитардык, мыйзам үстөмдүгү сакталбаган мамлекетте ар кандай келишимдер да оңой эле бузула берет. Муну айтуу менен биз эле жыргатып ийдик дегенди айтканыбыз жок. Биздин чабалдыгыбыз түрткү болду десек болот. Биздин азыркы шартта кескин күч колдонууга, агрессияга баруубуз мүмкүн эмес болчу, аны кошуналар деле көрсө болмок.

Ошондуктан ЖККУ, ШКУ, КМШ дагы канчалаган уюмдарда бирге болгонубуз менен, бул уюмдардын бардыгынын күчү аз экенин, ар бир өлкө өз бийлигинин табиятына жараша андай уюмдардагы келишимдерди бузуп коёруна биз дагы бир жолу ашыгы менен ынандык”, - дейт Жураев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости