www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэр Эмилбек Абдыкадыров жумушуна киришкени шаардыктар нааразы боло башташты. Бул эргул курбай эле бүлдүргөнү кандай? Бишкектин 11-кичирайонундагы гараждарды талкалатып алдырып, эми анын орду таштанды талаасына айланып, аңгырап жатат.

Эки айдан бери эч кандай иш башталган жок. Же “соодасы” келишпей создугуп кеттиби? Ал эми гезит-журнал саткан күркөлөрдү четинен тазалатып, карапайым элдердин күнүмдүк тапкан оокатын жокко чыгарууда. Алакандай жерлерден бери пулдап кирдиби? Бул суроого жооп береби?

Айтор, Эмилбек Абдыкадыровдун мэр катары программасы, алдыга койгон пландары жок эле көрүнгөн жерди жулуп алуу, башка акчалууларга карматуу жоруктары улана береби? Күч органдары кызыгышып, жасап аткан иштерине алдын ала бөгөт коюшса, элдин сообуна калышат беле?

Баарын “жайлап” кеткенден кийин кеч болуп калбайбы? Түшүнүксүз...

Булак: Азия News гезити

Последние новости