www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чындыгында Акаевде нукура билим жок. Ал кишини билимдүү деп айтууга болбойт. Бул тууралуу саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Илим менен билимдин, акыл менен эстин айырмасын көп сурашат. Бул суроо, ага бериле турган жооп бир караганда жөнөкөй көрүнгөнү менен ичинде терең маани жатат. Ошо жөнүндө чыгынып айтсам деп жүргөм.

Бүгүн отуруп ойлоп көрсөм бул суроого Аскар Акаевдин мисалында жооп берүү так дагы, түшүктүү дагы болчудай экен. Орустар «наглядно» деп коюшат.

Мисалга алсак, Аскар Акаевич Акаев илимдүү инсан. Муну эч ким деле талаша албайт. Азыркы Санкт-Петербург, ал учурдагы Ленинградда жогорку окуу жайын бүтүрдү, ошол жакта кандидаттык, докторлук диссертацияларын коргоду, кванттык электроника, опто-электроника, информатика тармактарында белгилүү окумуштуу болду, кафедра башчысы, Компартиянын илим жана билим берүү бөлүмүндө жетекчилигинде, Илимдер Академиясынын Президенти кызматтарын аркалады, баш аягы 150 дөй илимий эмгек, монография, окуу китептерин жазды. Жада калса физика закондорун экономикага дагы колдонуп бир топ эмгектерди жаратты, азыр дагы орустар аны жөлөп-таяп, кийинки эмгектери үчүн сыйлыктарын дагы берип жатышат, кече эле кайсы бир университет тарабынан Ломоносов медалы менен сыйланды деп дүйнөлүк жаңылык сымал уу-дуу кылып да жиберишти.

Бирок ал кишинин мындай илимий жетишкендиктери анын Өлкө башында туруп мамлекеттүүлүккө, элге карата жасаган кыянаттык иштерин жууп кетирбейт, аны тап-таза кылып актабайт, муну дароо эле так кесе айтып кетүү туура болот го дейм.

Чындыгында Акаевде нукура билим жок. Ал кишини билимдүү деп айтууга болбойт. Ошол билими жоктугунан улам мамлекеттик бийликти өз үйбүлөөсүнө бастырып, журтубуздун болгон байлыгын, анын ичинде Кумтөр алтын кенин дагы, ар кайсы шылуундарга кармата берип тонотуп, завод-фабрикалардын бардыгын тыптыйпыл жок кылып, жүз-миңдеген адамдарды жумушсуз калтырып, акыры барып элдин мамлекеттүүлүккө, мамлекеттик бийликке болгон ишениминин таш талканын чыгарып, келечекке болгон үмүтүн үзүп, татынакой болгон өлкөнү баш-аягы жок терең кризистин сазына батырып салып баса берди да. Эмдигиче чыга албай айлабыз куруп, уламдан-улам ала салып келе жатабыз, бутубузга тура албай.

Билим - бул илимдин доктору деген диплом же академик деген наам эмес, билим деген адамды билүү, анын көйгөйүн түшүнүү, замандын тамырын кармай билүү, туюнуу, кырдаалга туура баам берүү, ар бир окуядан туура маани чыгаруу, учурдун талабына ылайык туура чечимдерди кабыл алуу, үйбүлөңдү, коомду туура жолго баштоо, натуура иштерден кайтаруу. Билим көкүрөктө болот. Ошондон улам илгери «көзү сокур болсо дагы көкүрөгү тунук» - деп кат тааныбаса дагы көптү билген, көптү көргөн, алдыны туя билген көсөмдүгү бар, даанышман инсандарды айтчу.

Аскар Акаевич Акаев акылдуу инсан, көп нерсеге акылы жетет. Муну ким дагы болсо моюнга алат, талашпайт. Учурунда далай зор иштерди демилгелегенге, ошондой маанидеги башкалардын демилгелерин колдоого акылы жетти, бир топ түпкүлүктүү иштер аткарылды, анын ичинде «Манас-1000», «Ош-3000», Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, Эл аралык тоо жылы сыяктуу кыргызды дүйнөгө тааныткан иштер дагы бар. Тилекке каршы андан кийин президент болгондордун ошондой дүйнөлүк мааниси бар зор иштерди аркалоого акылы дагы, чарк-чамасы дагы, билими дагы, убактылары дагы жеткен жок, он алты жылдан бери өз казаныбызда өзүбүз кайнап келе жатабыз, шоркелдейибиз чыгып.

Бирок Акаевдин эси жок. Бул деле талашсыз факт болуп калды. «Акылы бар - эси жок» – деп элибиз эзелтеден эле айтып келе жатпайбы. Ошо эси жок болгондон улам күнү бүгүн элдин бардыгы күбө болгон, күбө болмок турсун жон териси менен сезип, ага каршы каны кайнап көтөрүлүп чыккан үйбүлөлүк бийликти, ал түгүл 2005-жылдын 24-мартында өзүн баш кылып, үйбүлөсүн төш кылып туруп таш-бараңга алып кубалап жибергенди танып келе жатат, Америкалыктар кууп жиберишти деген кайдагы бир жомокту айтып.

Америка-самерикасы жок эле элдин жаалы кубалаган, мунун ар бирибиз эле көрүп-билип турдук го ошондо. Эси болсо Аксынын Боспиегиде элди аттырып кызыл-кыргын кылат беле? Ошондой эле Кумтөр алтын кенин баш кылып кыянаттык менен шылуундарга кармата бергендигин, татынакай завод-фабрикаларды талкалап, талатып-тонотуп жибергендигин дагы кашайта танып келе жатат. А түгүл аялы-балдарына чаң жугузбай, сүттөн ак кылып көкөлөтүп мактап, ал эми өз кыянаттыктарын болсо «билбей калыптырмын, ишенип коюптурмун» деп маңыроо чылыш болумуш болуп көзү өтүп кеткен Николай Танаевге, ошол эле ал кезде ыты-жыты билине элек Акылбек Жапаровго, жана дагы башкаларга шылтап жатат да. Эси бар кишинин кылар иши эмес да бул.

Эси болсо элден кечирим сурайт эле го, кайра элди күнөөкөр кылып анын бетине жаба түкүрбөй...

Эси болсо айтат эле го: Оо эл-журт, ит болуптурмун, учурунда жакындарыма ээ боло албай калыптырмын, алардын ар-жак бер жактан кошо талашып мамлекеттик бийликти бучкактап сүйрөп кетишкендигин токтото албай калыптырмын... Ошого эрким, күчүм жетпептир... Ар кимдин башында бар, аялын, балдарын ким укпайт, күндө жаныңда жүрүп айта берсе ишенет экенсиң, ынанат экенсиң... убагында чын-жалганын, пайда-зыянын баамдай албайт калат экенсиң... алардын айтканын эп көрөт экенсиң...мен дагы силердей эле пендемин, уктум, жаңылдым...

Моюнга алам, көр пенделик кылдым... Кечиргиле мени... Ошондой эле Кумтор, энергетика жана башкалар боюнча дагы көзүмдү май басыптыр, көкүрөгүмдү дат басыптыр... напсиге жетеленип кетиптирмин, болбогон көр дүйнөнүн артыкчылыктары үчүн, кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыктары үчүн элдин ырыскысын чачыптырмын, жердин кутун качырыптырмын... Кечиргиле мени... Он алты жыл бозгунда жүргөнүм кылымга тете болду... Ичкеним ириң, жегеним желим болду...

Мындай кыйноону Жаратканым эч кимдин башына салбасын... Билип-билбей кылган күнөөлөрүм үчүн бул дүйнөдө эл алдында, аркы дүйнөдо Жараткандын алдында жооп берүүгө даярмын... Кандай жаза берсеңер дагы макулмун...Түрмөдө отурсам дагы туулган жеримде болсом деймин...

Ажал жетип, күн бүтсө сөөгүм киндик каным тамган жерге коюлса деймин... Тукумум касиеттүү Кыргыз Жеринде эркин басып, эркин дем алса деймин... Ала-Тоо кыргыз жеринде Аскар Акаевдин тукуму үзүлбөсө деймин... Тилегим ушул... Ал жакта май сугунуп жүргөнүмдөн, бул жакта карандай суу жутканым артык болуп турат... Күнөөмү өз башым менен дагы, мындан ары Жараткан канча жаш берсе ошончо мезгил ак эмгегим менен дагы актагым келет... Кечиргиле... – деп.

Жараткан кандай мээримдүү, кечиримдүү болсо, элдин ичи дагы ошол сымал кенен, эл дагы кечиримдүү, түшүнөт эле го...

Жок, эси жоктугунан улам элдин бүйүрүн кызытып, кыжырына тийип жатат кайра...койколоктоп... сүттөн акмын деп жанын жеп...

Мына ушундай - Илим менен Билимдин, Акыл мене Эстин айырмачылыгы, түшүнгөн кишиге...», - деп белгилеген саясатчы Каптагаев.

Эске салсак, буга чейин Аскар Акаевге илимге сиңирген эмгеги үчүн Орусиянын I даражадагы Ломоносов атындагы сыйлыгы берилгени айтылып, коомдо чоң талкууга алынды.

Мындай чечимди Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети бир добуштан кабыл алганын Орусиянын маалымат каражаттары жазууда.

Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин Орусия мамлекетине чыгып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости