www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаевдин маегин угуп калдым... Бул жерде бар экен... Көбүңөр эле уксаңар керек... Ошон үчүн Аксы окуясы боюнча жагдайга силердин көңүлүңөрдү бургум келет... Мындай пикирин белгилүү саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. 

"Акаев айтып жатпайбы 2002-жылы 17-мартта Аксыда элди өздөрү атайын эле атып салышып, анан мага жалаа жабышты деп. Ким атты? - деген суроого, "Бакиев атайын аттырган, анын ою боюнча мен президент катары кетип калсам ордумда калмак", - деди. Демек Акаев бул сөзү менен Аксыдагы окуяны билген эмесмин, мен сүттөн акмын, бул Бакиев башында турган Өкмөттүн заговору деп жатат да.

Ушул жерде бир чоң суроо жаралат. Макул, Бакиев өкмөт башчысы катары Акаевке кыянаттык кылсын дейли, ордун тартып алайын деп, анда Акаевдин көздөй кишилери А.Карыпкулов - аппарат жетекчиси, О.Ибраимов - мамлекеттик катчы, Ч.Абышкаев - башкы прокурор, Н.Танаев - биринчи вице-премьер, К.Иманкулов - коопсуздук кызматынын башчысы, Т.Акматалиев - ички иштер министри, Б.Жанузаков - укук коргоо органдарын тескеген бөлүмдүн башчысы, З.Кудайбергенов - облус прокурору, К.Садиев - министрдин орун басары... жана башкалар эмне кылып жүрүшкөн? Алардын баары Акаевди сатышты беле?

Акаевдин жогорудагыдай сөзү булардын баарын саткын деп айыптаганы да... Эми булар Акаевге эмне деп жооп кайтарышат болду экен? (маркум Карыпкуловдон башкасы) Эгерде унчукпай отуруп калышса, анда чынында эле саткын болушат, Бакиевке кошулуп алып Акаевге кыянаттык жасашып, аны оодарып түшүруп ордуна Бакиевди алып келүү аракетин кылышкан, ошол максатта Аксыда бөөдө кан төгүшүп бейкүнөө адамдарды атып өлтүрүшкөн болуп... Ушундай урматтуу достор", деп кошумчалаган Эмилбек Каптагаев. 

Кызык, ак менен караны ажыратып калган, ак сакалдуу тунгуч президентибиз Аскар Акаев ушинтип оозуна келгенди айтып олтурса, артында калган-каткандарына көз жумуп эле койсок окшойт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости