www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Өзбекстанда чакан ишкерлерди 5 жылга салыктан бошотту. Бул боюнча атайын токтомго кол койду. Ошондой эле ишкерликке жаңыдан тиш салып жаткандарга жеңил шарттагы насыя берүүнү кебөйттү.

Мындан тышкары, өзбек ажосу өлкөдөгү ири ишкерлерге болгон салыктын көлөмүн көбөйтө турган болду. Бул жаатта өзгөчө тоо кендерин казуу тармагына көп көңүл бурула турганы айтылды. Негизи эле акыркы жылдары Өзбекстанда ишкерлик кылуу маселеси мурункудай оор болбой, көп тоскоолдуктардан арылды. Ушундан улам Өзбекстанга миллиондогон инвестиция салып жаткан дүйнөлүк бизнесмендер да арбып баратат. Ал эми бул жагынан алганда, биздин бийлик өзбектерге караандабай эле калды, деп "Багыт.kg" өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости