www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас темасы ким көрүнгөн эле эртели-кеч эрмек кыла турган тема эмес. Бул тууралуу саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Президент Садыр Жапаров баш болуп кинону жабык эшик артында көрүшүп, негизинен пикир начар деп бүгүн айтып чыгышты... Жаман эле... Тарта баштагандагы чыккан чууну эске алганда ошол учурда эле токтоп калышса акылга сыяр иш болот эле го дейм...
Ошончо каражат коротуп, ошончо кишини убара кылып, элдин бардыгын кыжалат кылбай эле... Бирок мунусу деле жакшы болдубу дейм, "терс тажырыйба дагы тажырыйба"- делип айтылат эмеспи. Башкысы алуучу сабагыбыз.
Биз бир чындыкты эсте бекем тутсак: Манас темасы ким көрүнгөн эле эртели-кеч эрмек кыла турган тема эмес! Манастын жүгү оор, жоопкерчилиги катуу болорун көп эле киши айтып дагы, жазып дагы жүрбөйбү. Акыл-эсибиз, ой-чабытыбыз жете элек нерсеге киришүү натуура иш», - деп жазган саясатчы.
Эске салсак, учурунда коомчулукта «Манастын уулу Семетей» тасмасынын тартылышына нааразы болгондор да чыккан. Бул ортодо тасмага режиссёрлук кылган Өмүрзак Төлөбековго да каршы пикирлер айтылган.
Булак: NazarNews.kg