www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кечээки жолугушууда президент Сооронбай Жээнбековдун кен байлыктарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу, лицензия берүүнү тартипке салуу боюнча пикирлери мага жакты, колдоого арзыйт”. Мындай пикирин саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.

“Анын "Кыргызкөмүр" жана "Кыргызалтын" ишканалары баардык кен казылып жаткан жерлерде үлүшкө ээ болуп, мамлекеттик кызыкчылыктарды камсыз кыла ала тургандай ыйгарым укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү болууга тийиш деген пикирин кантип колдобой коюга болот. Сооронбай Шарипович муну ишке ашыруу механизми катары мурда жеке ишкерлерге, менчик ишканаларга же чет элдик инвесторлорго берилип кеткен кен байлыктардагы үлүш аталган эки акционердик коомдун акцияларына алмаштырылууга тийиш деп эсептейт экен. Жөн эле зордукка салып тартып алуу керек деген чакырыктарга караганда бул таза рыноктук жол, мыйзамдуу жол. Мисалы, "Кыргызкөмүр" ишканасынын акциялары көмүр казып иштеп жаткан ишканалардын үлүшүнө айырбашталат, ал ишканалар "Кыргызкөмүр" ишканасында үлүшкө ээ болуп калышат, ал эми "Кыргызкөмүр" болсо алардан үлүшкө ээ болот. Ошондо көмүр жана алтын кендеринин баарында (башка кен байлыктарда деле) мамлекеттик үлүш бар болуп калат.

Учурунда (1995-жылы) алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүгө мамлекеттик монополияны жана көзөмөлдү кайра калыбына келтирүү үчүн ушундай механизм колдонулган, "Кыргызалко" ишканасын түзүү жана жеке менчик арак жана спирт заводдорунда мамлекеттин үлүшүн камсыз кылуу үчүн сунуш кылынган. Ошол сунушту даярдап, ага тиешелүү укук-ченем актыларынын долбоорлорун даярдаган өкмөттүн жумушчу тобуна мен жетекчилик кылган элем”, -деп кошумчалаган Каптагаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости