www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талибдер Орто Азия өлкөлөрү үчүн өтө чоң коркунучта. Мындай пикирди NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди.
Бирок, талибдер Орто Азия өлкөлөрү үчүн өтө чоң коркунуч болуп калганы чындык.
--"Афган темасын билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй эле өйдө-төмөн талкуу... Жер жүзү ызы-чуу...
Катуу талкуу болуп жаткан теманын бири - талибдер Орто Азиядагы башка мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга кирип келеби же жокпу? - деген суроо.
Менин жеке оюм боюнча пулемет көтөргөн селде-дамбалчандар басып кирип келбейт. Бирок Орусия аларды көрсөтүп "бөө келе жатат" деп бизди коркутуп, кысым көрсөтүп, биротоло чүлүктөп жетелеп алуу аракетин кылат.
Бирок, талибдер Орто Азия өлкөлөрү үчүн өтө чоң коркунуч болуп калганы чындык. Анткени "талиб" вирусу жуккан, аны менен ооругандар арабызда толтура, ар бир айыл, ар бир шаарда бар. Афган талиблеринин күч алуусу бул жакка жигер берет, шыктандырат, дүрбөтөт.
Кайсы бир шарттарда алар баш көтөрүп, бир агымга биригип, нугунан чыккан суудай каптап кетүүсү толук ыктымал. Бул реалдуулукту жаныбыздан чыгарууга болбойт", - дейт коомдук ишмер.
Булак: NazarNews.kg