www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Азык-түлүккө болгон баалар барган сайын көтөрүлүүдө. Көпчүлүк элибиздин кыйналып жашаганын байкап атабыз. Каатчылыктан чыгуунун жолдору барбы? Акыры ачкачылык арааны каптабайбы?

-- Тилекке каршы, жалпы баанын өсүшүнө биз түз таасир эте албайбыз, азыркы Орусия–Украин согушунан келип чыккан кризистин толкуну бизге дагы катуу тийип кала турганы анык эле. Бирок, өзүбүздүн колдон келе турган, ушул учурда зарыл болгон нерселерди сөзсүз жасообуз керек.

Биринчиден, быйыл айыл чарбасына өзгөчө катуу көңүл буруу зарыл, жылдагыдай сыртынан эле отчет менен чектелбей, ар бир район, айыл, дыйкан чарба боюнча иштөө талап кылынат. “Жыл ыңгайлуу болот” деп айтуу кыйын, бирок жаз алды жаанчыл болгону үмүт берип турат.

Экинчиден, кандай кылган күндө дагы көпчүлүк продукциянын сырттан ташып келе тургандан кийин өкмөт ушул багытта иштеген ишкерлер менен тикелей сүйлөшүп, тыгыз өнөктөштүк схемаларын чукулунан жасосу абзел. Азык-түлүктүн ар бир түрү боюнча жылдык баланс түзүлүп, аларды сатып алуу, ташып келүү, сактоо, сатуу боюнча конкреттүү иш-чаралар каралса туура болот. Мындай тажрыйба бар бизде.

1991-жылдан тарта мындан дагы оор кылдаалдан чыкканбыз, ал кезде башканы кой, буудайдын, ундун запасы 6-7 күндүк эле калган убактар болгон. Ал учурда азыркыдай рынок механизмдери, продукцияны эркин ташып келүү деген жок болчу.

Азыр ага караганда кыйла жеңил, соода байланыштар, банктар аркылуу төлөмдөр калыптанып, биздин ишкерлер дагы тиш кагып, тажрыйбалуу болуп калды. Болгону мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосунда ак ниет кызматташтыкты түзүү керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости