www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев экс-президентти эмне үчүн конфискацияланган үйдөн тосуп алышканын айтып берди. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.
Жоошевдин айтымында, буга үй мыйзамдуу түрдө конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансына өткөрүлүп берилгени менен, чындыгында бул үйдө экс-президенттин үй-бүлөсү жашаганы себеп болгон.
«Эсиңиздерде болсо, 2022-жылы жай айларында Кой-Таштагы үйдүн аймагына Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлдөрү жана сот аткаруучулар өз ыктыяры менен көчүп кетүү талабы менен келишкен.Бирок экс- Президенттин үй-бүлөсү үйдөн чыгуудан баш тартышкан, анткени бул алардын Батукаевдин иши боюнча мыйзамсыз конфискацияланган мүлкү.
Эгерде ижарачылар өз ыктыяры менен көчүүдөн баш тартса, анда мыйзам боюнча сот аткаруучулар сотко кайрылууга тийиш жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде гана мажбурлап чыгаруу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Андай сот актысы болгон эмес, азыр да болушу мүмкүн эмес. Батукаевдин бошотулушу боюнча сот өкүмдөрү жокко чыгарылды. Буга байланыштуу бардык конфискацияланган мүлк мыйзамдуу жана иш жүзүндө ээлерине кайтарылууга тийиш», - деп жооп берди Жоошев.
Булак: NazarNews.kg