www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанга өткөрүү жайы «Ак-Тилекте» 500 машиналык тыгын пайда болду. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө көзөмөл бекетинде 500 жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп турат. Акыркы суткаларда Кыргызстандан Казакстанга 280 автоунаа кирген. Чек ара бекетинде жүк ташуучу унаалардын топтолушу айыл чарба азыктарынын экспорту көбөйүшүнө байланыштуу жыл сайын боло жүрүүчү сезондук көрүнүш.
Жаныбарларды жана тез бузулуучу азыктарды ташыган автоунаалар чек арадан кезексиз өткөрүлүүдө. Кыргызстан менен Казакстандын чек ара кызматтары тарабынан жүк ташуучу унааларга эч кандай чектөө жок. Кыргызстандан Казакстанга, андан ары Орусияга негизинен айыл чарба продукциясын ташышат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg