www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвада дээрлик 100 жылдан бери Кызыл аянтта Октябрь революциясынын маркум көсөмүнүн сөөгү сакталып келет. Коомдук пикирди чагылдырган сурамжылоолор боюнча, Лениндин сөөгүн жерге берүүнү каалаган адамдардын саны улам артып барат. Эгерде көсөмдүн сөөгү жерге бериле турган болсо, анда ал мындай технологияны СССРден алган башка өлкөлөрдөгү маркум жол башчылардын сөөгүн сактоого өз таасирин сөзсүз тийгизет. Ошондо КЭДР (Корея Элдик Демократиялык Республикасы) менен Вьетнам үчүн маркум лидерлердин сөөгүнө ызаат кылуу менен гана өз бийлигин бекемдөө кыйын болуп калат.
Томоё Огава (Tomoyo Ogawa)
Москвада 100 жылдан бери Октябрь революциясынын маркум көсөмү Владимир Лениндин сөөгү сакталып келет. Сөөктү андан ары сактоо керекпи деген маселенин айланасында жүргөн кызуу дискуссия да бар.
2017-жылдын апрель айында Мамлекеттик думанын айрым депутаттары Лениндин сөөгүн жерге берүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштаган. Коомдук пикирди чагылдырган сурамжылоолор көрсөткөндөй, калктын 60% көсөмдүн сөөгүн жерге берүүнү жактайт.
Ошол эле учурда Лениндин жактоочулары анын сөөгүн жерге берүүгө каршы. Революциянын жол башчысынын сөөгүн көмүп салуу сунуштары мурда деле болуп келгени менен, алардын бири да ишке ашкан эмес. Сөөктү сактоо технологиясы башка өлкөлөргө да тарап, саясый жетекчилерди ыйык культка айландырууга көмөк берген. Азыркы кезде көңүл борборунда СССР мамлекетин курган революционерлердин тагдыры турат.
Ленинге кара костюм менен аппак көйнөк кийгизилген. Анын сакалы кылдат тегизделген. Ал жөн гана уктап жаткандай сезилет. Лениндин мавзолейи Москванын борборунда, Кызыл аянтта жайгашкан. 98 жыл илгери дүйнөдөн өткөн Лениндин сөөгү элдер көрсүн үчүн сакталган. Айнек саркофагдын ичинде жайгашкан тарыхый инсанды көрүүнү каалаган туристтердин агымы эч токтобойт.
22-апрелде, революция көсөмүнүн туулган күнүндө, Лениндин элеси түшүрүлгөн фотосүрөттөр менен желектерди көтөрүп, Коммунисттик партияны жактаган улгайган адамдар чогулуп, Октябрь революциясынын кезектеги жылын белгилешти.
Лениндин сөөгүн жерге берүү сунушу алар үчүн жүздөрүнө муздак суу серпип, ичиркенткендей эле болду. 20-апрелде ЛДПР жана «Единая Россия» саясый партияларынын депутаттары Мамлекеттик думага Лениндин сөөгүн жерге берүү процедурасы тууралуу мыйзам долбоорун сунуштаган. «Интерфакстын» маалыматы боюнча, ЛДПР партиясынын депутаты коом сөөктү жерге берүүнү талап кылып жаткандыктан, бул маселени тоголок дата келгенде талкуулоо зарыл экенин билдирген.
Апрелде «Левада-центр» тарабынан жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоонун жыйынтыктарына ылайык, орусиялыктардын 58 пайызы маркум көсөмдү Кремль дубалын бойлогон мүрзөгө, же Санкт-Петербург шаарында жерге берүүнү жакташкан. Маркумдун сөөгүн жерге берүүгө орусиялыктардын 31 пайызы каршы. «Мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөр да маркумдун сөөгүн жерге берүүгө азчылык каршы экенин көрсөткөн. Маселе маркумдун сөөгүн жерге берүү, же бербөөдө эмес, кеп - маркумдун сөөгүн кантип жерге берүүдө турат», - деп белгилеген «Левада-центрдин» өкүлү.
Ленин 1924-жылы 54кө чыгаарына 3 калганда акка моюн сунган. Сталин анын сөөгүн мумификациялоону буйруган. Натыйжада, маркумдун сөөгүн дезинфекциялап, бактериялардын таасиринен коргогон жана маркум өлөөр алдында кандай абалда болсо, дал ошондой абалда атайы суюкка туруктуу жайгаштырган бальзамдоонун технологиясы колдонулган.
Окумуштуулардын атайын тобуна маркумдун сөөгүн сактоо жоопкерчилиги жүктөлгөн. Анын сөөгү сакталган мавзолей көсөмдү көрүүгө келгендер үчүн дайыма ачык. Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда гана мавзолей жабылган. Азыр профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн учурларда гана мавзолей жабылат. Айрым эксперттердин пикири боюнча, маркумдун сөөгүн сактоо жылына миллиондогон акча каражатын талап кылат.
1991-жылы СССР кулагандан кийин маркумдун сөөгүн жерге берүү маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн. Президент Борис Ельцин 1997-жылы Лениндин сөөгүн жерге берүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуш кылып, бирок, ал сунуш Коммунисттик партиянын өкүлдөрү жана башка солчул күчтөр тарабынан көрсөтүлгөн катуу соккуга дуушар болуп, президенттин бул аракетин ишке ашыруу ийгиликсиз аяктаган. Лениндин туулган күнү менен дүйнөдөн өткөн күнү болгон сайын анын сөөгүн жерге берүү маселеси дайыма көңүл чордонунда болуп келгени менен, ага каршы пикирлерден улам бул маселени чечүү жемишсиз бойдон калууда.
Апрелде кезектеги жолу көсөмдүн сөөгүн жерге берүү тууралуу мыйзам долбоору сунушталганда, Компартиянын жетекчиси Геннадий Зюганов аны кескин сынга алып, сөз болуп жаткан мыйзам долбоорун чагымчылдык (провокация) деп атаган. Анын пикири боюнча, көсөмдүн туулган күнүн эскерүү датасынын алдында бул маселени көтөрүүнүн зарылдыгы жок.
Депутаттары мыйзам долбоорун сунуштаган «Единая Россия» партиясы кетенчиктеп, бул - жөн гана партиянын айрым бөлүгүнүн пикири деп, өөрчүгөн өрттү өчүрүүгө шашты. Совет доорунда куугунтукка учураган орус православ чиркөөсү Лениндин сөөгүн жерге берүүнү колдойт.
Конфронтациянын фонунда Путинге жакын саясатчылардын бири – Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин – кыраакы позицияны ээлеп, натыйжада, көтөрүлгөн маселе ийне-жибине чейин талкуулоого жеткен жок.
Маркум болгон лидерлердин сөөгүн сактоо жана сөөккө сый-урмат кылуу аркылуу бийликтин пайдубалын бекемдөө аракеттери башка өлкөлөрдө да бар. Бир кезде СССР мамлекети Хо Ши Мин менен Ким Ир Сендин сөөктөрүн сактоо технологиясын Вьетнам менен КЭДРге сунуштаган. 2011-жылы орусиялык окумуштуулардын тобу Пхеньян шаарына Ким Чен Ирдин сөөгүн дагы бальзамдоо үчүн жөнөтүлгөн.
Венесуэла 2013-жылы дүйнөдөн өткөн президент Уго Чавестин сөөгүн мумификациялоо пландаган, бирок баардык технологиялык маселелерди чечүү мүмкүн болбогондуктан, ал план ишке ашкан эмес. Эксперттер: «Эгер Лениндин сөөгү жерге берилсе, анда бул технологияны кабыл алган башка мамлекеттердеги маркумдардын сөөгүн сактоо боюнча бир топ маселе жаралат», - деп боолголошот.
Президент Путин Октябрь революциясына өтө кылдат комментарий берип келет. Адистердин пикири боюнча, ал 2018-жылдын март айында өткөн президенттик шайлоонун алдындагы ашыкча чыңалуунун жаралышынан сактанган. «Революциянын ыйык жери болгон Кызыл аянт коммерция борборуна айланды. Мавзолей дагы өзүнүн мурдагы маанисин жоготуп алды. Лениндин сөөгүн жерге берүү – бул болгону убакыттын маселеси», - деп белгилейт Цукуб университетинин профессору Тосиро Накамура (Toshiro Nakamura).
Москвада болсо Хрущевдун мезгилинде салынган эски имараттарды талкалап, шаарды өнүктүрүү маселеси кеңири талкууланууда. Ошол себептен, профессор өз пикирин төмөнкүчө улайт: «Президент өзү бул теманы талкуулоодон обочолонуп турат. Москваны модернизациялоонун чегинде сөөктү жерге берүүнү Москва шаарынын мэри өзү ишке ашырган сценарий да болушу ыктымал».
Апрель айында бүтүндөй Орусия боюнча жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоонун жүрүшүндө маркумдун ссөгүн жерге берүүнү колдогон респонденттердин жарымы: «Ленинди жакшы көргөн адамдардын жүрөгүн жаралап албас үчүн күтө туруу дурус», - деген пикир билдиришти. Азырынча Ленин түбөлүк уйкуга кетчү жерди аныктоо үчүн убакыт керек.
Ленин - 1917-жылы Романовдордун императорлук династиясын кулаткан революциянын жетекчиси. Ленин социализмди жар салып, 1917-жылдын октябрь айында бийликти басып алган большевиктерди өз артынан ээрчите алган. Ал 1922-жылы пайда болуп, СССР деп аталган дүйнөдөгү эң алгачкы социалисттик мамлекеттин пайдубалын түптөгөн. 1924-жылы Ленин дүйнөдөн өткөндөн кийин, эстафетаны Иосиф Сталин уланткан. Ал бир партиялуу авторитардык системаны чыңдаган. 1991-жылы СССР кулагандан кийин, баардык өлкө боюнча адамдар советтик бийликти символдогон Лениндин эстеликтерин талкалай баштаган. Президент Путиндин чоң атасы Лениндин ашпозчусу болгон деген божомолдор бар.
Дээрлик 100 жылдан бери Кызыл аянтта Октябрь революциясынын маркум көсөмүнүн сөөгү сакталып келет. Коомдук пикирди чагылдырган сурамжылоолор боюнча Лениндин сөөгүн жерге берүүнү каалаган адамдардын саны улам артып барат. Эгерде көсөмдүн сөөгү жерге бериле турган болсо, анда ал мындай технологияны СССРден алган башка өлкөлөрдөгү маркум жол башчылардын сөөгүн сактоого өз таасирин сөзсүз тийгизет. Ошондо КЭДР (Корея Элдик Демократиялык Республикасы) менен Вьетнам үчүн маркум лидерлердин сөөгүнө ызаат кылуу менен гана өз бийлигин бекемдөө кыйын болуп калат.
ИноСМИ булагына таандык материал кыргызчаланды.
Булак: NazarNews.kg