www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияга болуп келген орусиялык Елена түрк эркектеринин көбү орус аялдарына эмне үчүн суктанарын, жада калса турмуш курууга даяр экенин ачыктады. Бул тууралуу ал Яндекс.Дзен. платформасына кененирээк айтып берген.

Жеңил баарлашуу 

Түрктөр орус кыздарын абдан коммуникалдуу жана мамиле түзүүгө жакын деп эсептешет. Елена маектеши - Хакан да - бул сапаттар үй-бүлөлүк жашоодо абдан маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, аялы менен сүйлөшүү, мүмкүн болгон кыйынчылыктарды талкуулоо тупмушта жакшы натыйжа берет.

Мындан тышкары, байланыштын мындай жеңилдиги түрк кайненесин жеңүүгө жардам берет - алар көбүнчө мүнөзү оор аялдар келет.

Жумуш менен үй-бүлөнү тең алып кете алат

Хакандын айтымында, орус кыздары өзүн-өзү камсыздайт, түрк аялдарынан айырмаланып иштеп, акча табууга умтулушат. Аларды европалыктардан айырмалап турган нерсе – карьера менен үй-бүлөнү айкалыштыра билүү. Ал ошондой эле, орустарды абдан сарамжалдуу, даамдуу тамактарды бышырып, үйүндө тартип орнотуп, балдарды тарбиялаганга умтулушат деп эсептейт.

Чын жүрөктөн

Түрктөр орустар жүрөктүн буйругун аткарганды билишээрин жана сүйүп калгандыктан, сезимдерин гана жетектей турганына суктанышат. Ал эми көптөгөн түрк аялдары күйөө баланын материалдык абалына карап тандоо жасашат дейт.

Бирок, буга карабастан кээ бир түрк жигиттери аталган аргументтерге макул болбой, "түрк эркектери мактаганды билет жана калпты көп айтаарын, ошону менен бирге алар өздөрү кадырлуу үй-бүлөдөн чыккан түрк аялына гана үйлөнүөөрүн да ачык эле айтып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости