www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтынчы чакырылыштагы «чимкирик» парламент алына жараша иш кылды. Бул парламенттин эрке депутаты Канат Исаев экс-президент Атамбаев дегенде тишин кычыратып, аны каматуу үчүн парламентке үгүт жүргүзүп жүргөн. Ушундай учурда чүйлүк Исаевдин мындай жоругу дагы бир чүйлүк депутат Бакыт Жетигеновго жакпай калган өңдүү. Экөөнүн ортосунда мушташ чыгат. Экс-депутат Канат Исаев парламенттин жыйынында чыгып алып Жогорку Кеңештин тизмесин Атамбаев өз колу менен түзгөн, ошондуктан бул тизмеге криминалдарды кошуп салган деп Жетигеновко таш ыргыткан. Ошондуктан Бакыт Жетигенов Канат Исаевке кирип барып аеосуз тепкиге алып, улуу жини менен мурдун түзөп койгон жайы бар.

2021-жылы 26-ноябрында Бакыт Жетигенов менен бирге 14 киши УКМК тарабынан «бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган. 2021-жылы 22-декабрында Жетигенов соттун чечими менен камактан чыгарылган. Чүй облусундагы тың балдарды депутат Бакыт Жетигенов чогултуп, команда түзө баштаганы, алдыдагы саясий күрөшкө даярданганы тар чөйрөдө талкуулана баштаган. Өзүн пиар кылуудан алыс, көп интервью бербеген каарманыбыз ошол убакта активдешүүгө өткөнүндө кандай сыр бар эле? Башка саясий топтор ар кандай биригүүлөргө басым жасап, курулай сүр көрсөтүү, мактануу менен алектенип жатышат. Ал эми Бакыт Жетигенов карапайым элге таянып, позициясын түз алып, күчтөнүп бара жатканын байкадык.

Буга чейин деле аны партиялар чакырышып, сунуштарды айтып жатышыптыр. Бирок соңку убактагы тымызын жасаган таасирдүү кадамдарынан кийин Бакыт мырза саясий күч катары өзгөчө орунду ээледи. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бакыт Жетигеновдун өмүр баяны:

Бакытбек Жетигенов 1966-жылы 30-майда Чүй облусунун Сайлык айылында туулган.

Билими:

1991 — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда «машыктуруучу-мугалим» адистиги боюнча билим алган;

2013 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридикалык институтун «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн;

Эмгек жолу:

1988 — МПМКда бетон даярдоочу;

1988 — «Ирригатор» бакча коомчулугунда кароолчу;

1989 — №2 тазалоо-пресстөөчү цехке 2-разряддагы транспортировщик болуп дайындалган;

1992-2010 — жеке ишкерлик менен алектенген;

2010-2015 — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;

2015-2021 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.

Экс-спикер Асылбек Жээнбеков камалганда көргөнбүз: коштогон орган кызматкерлери сылык мамиле жасашып, атургай эшигин да ачып беришип, колуна кишен салышпай, башкача урмат-сый көрсөтүшкөн. Түрмөдө эмес, курортто жаткандай элес калтырган эй! Мындай көрүнүш былтыр эле болгон...

Ал эми Канатбек Исаевге коркунучтуу кылмышкердей мамиле жасашты, эки опер бекем колтукташып, дегдеңдетип алышкандары кандай? Асылбек Жээнбековдон эмне айырмасы бар? Канатбек Исаев да парламент төрагасы катары иштеп, бир канча ирет депутат, фракция, коалиция лидерлигин да жетектеген. Мэр, губернатор болгон.

Кыскасы, мамлекеттик деңгээлдеги бараандуу ишмер, чоң саясатчы. Ал өзү козголгон кылмыш ишин тааныбай турганын, төңкөрүш, башаламандык кылуу чындыкка жатпай турганын айтууда.

Саясый куугунтук катары баалап атат. Кыскасы, эмне үчүн Асылбек Жээнбековго жасалган сылык мамиле Канатбек Исаевди кыйгап өттү? Башкасын жандыргыча, азырынча ушул суроого баш катыра тургула

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости